Бул тасманы көрүп, жөн эле суктанасыз, айла жок суктанасыз. АКШда мыйзамдын күчтүү экенине таң бересиз. Бизде кандай? Айдоочулардын көбү жол эрежесин уруп ойнобойт. Ошондон улам жол кырсыгы көп. Жылына ал кырсыктардан миңдин тегерегиндеги мекендештерибиз кайтыш болуп жатат. Өзгөчө жаш жеткинчиктерибиз жол кырсыктарына көп учурап жатышат. Жакында эле Чапаев көчөсүнүн бир кутурган айдоочу эки окуучуну ыргыта сүзүп кетти. Дагы жакшы, ал экөө тең учурда эстерине келди. Ал эми бизден алыскы Американда окуучуларды үйгө алып кетүүнүн тартиби биздин түшүбүзгө азырынча кирбесе керек. Бирок кирбейт дебей, өзгөчө борбор шаарыбыздын мэри, жалпы эле өкмөт ушул тасмадагыдай тартипти үйрөнүү, уюштуруу керек. Чоң класстагы окуучуларды кой, кичине класстардын окуучуларына ушундай шарт түзүлсө кандай сонун болмок. Айдоочулар да аң-сезимин оңдош крек. Бул бийлик нерсеге көңүл бурушар бекен, же уруганыбыз жок дешеби, акча жок дегенге шылтап…

https://www.youtube.com/watch?v=TRjk5IC_qOY&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here