Экономика илимдеринин доктору, учурда   өзү ачкан Экономика жана финансы институтунун ректору болуп иштеп жаткан Айылчы Сарыбаев  агайыбыздын кыргыз билим берүү тармагында орду чоң. Өзгөчө экономика багытында башка илимпоздор, серепчилер анын алдына оозуп чыга элек. Ал 40 жылдан ашык убакыттан бери илимде ийне менен кудук казып, бул жылдары миңдеген жаштарга өз тажрыйбасын бөлүшүп келди. Айрыкча, агайдын жолун жолдогусу келип, ага шакирт болгусу келгендердин саны көп. Бүгүн биз Сарыбаев агай менен билим берүү системасынын күнгөй-тескейин, реформа ж.б. маселелер боюнча кенен маек курдук. Бул маекти эки бөлүк менен бермекчибиз.

— Айылчы агай, Кыргызстанда жогорку окуу жайы көп. Бирок канчалык көп болгон сайын, билим деңгээли , сапат төмөндөп жатат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-Бул чоң суроо. Менин буга жообум, биз социалдык — экономикалык бир системадан, экинчи  системага өттүк, бирок   калыптанган, дүйнөлүк деңгээлдеги космоско жеткирген билим системасын кошо талкаладык. 1990-жылдары Советтер союзунун талкаланышынын негизги себептеринин бири — ошол кездеги өлкө башчылары мамлекетти башкара албай, Батыш Европа өлкөлөрүнүн  саясатынын кысымы астында, союз тарап кеткен. Дүйнөдөгү ачылыштардын 50%ы Советтер союзунда болгон. Бирок, ошол ачылыштардын 10%гана өзүбүздүн өлкөбүздө пайдаланылып, калганы чет мамлекеттерде ишке ашырылган.. Ошо кездеги башкаруу системасы мезгил талабына жооп берген эмес. Ошондуктан артта кала баштаганбыз. Жаныбыздагы Кытай 80-жылдардан тарта өзүнүн башкаруу системасын өзгөрткөн. Бир партия, бирок, системаны, көз карашты өзгөртүшкөн. Ошол эле мезгилде, окуу системасын, илим-билим системасын жаңы 21-кылымдын системасына карата кура башташты. Биз дагы ошондой системага өткөндө элибиздин билим деңгээли азыркыдай төмөн болбойт эле. 1990-жылдары Американын Неолибералдык экономикалык  саясатына, ошолор берген кеңешке макул болуп, өлкөбүздү толук талатып жибердик. Билим системасы таптакыр башкаруусуз калды.

Ушул күнгө чейин инерция (шартуу рефлекс) менен иштеп да окуп да келе жатабыз. 25 жылдын ичинде биз билим системасына эч кандай өзгөртүү да, аны өнүктүрүүгө жардам да берген жокпуз. Тескерисинче, аны талкалоого чет өлкөлүк «досторубуз» жыл сайын акча берип жардам берип келе жатат. Өлкөнүн социалдык-экономикалык багытына карата, илим-билим системасы да өнүгүүгө тийиш. Ар бир өлкөдө билим менен илим алдында жүрүүгө тийиш.

Билими жок адам — эч кандай өнүкпөйт, өлкө башкаралбайт. Билим — бул илгерки «мамлекет берүү керек, мамлекет жасаш керек» деген көз караш менен калып калган.

-Мындай көрүнүш эми канчага чейин уланышы мүмкүн?

-Билим менен адистикти айырмалап биле турган мезгил жетти. Билимди балдар мектептен алат, ал эми адистикти ЖОЖдон алат. Адистик алуу — бул билим эмес, бул кадим эле базар экономикасындагы бизнеске кирет. Сен адистигиңди жакшы алсаң, бул сенин келечегиң. Адистигиң жакшы алсаң бай болуп кетесиң. Устатынан шакирти өтүптүр деген кеп ошондон калган. Рыноктун шартында ылайык көптөгөн менчик институттарды ача башташты. Ал эми мамлекеттик жогорку окуу жайлары каржылоо жетишпегендиктен аргасыздан булар да контрактык окуу (келишимдик) формасына өтүштү. Мисалга, азыр юрист, экономика адистигин алуу бюджет менен каржыланбайт. Толугу менен бул адистиктин  студенттери өздөрү акы төлөп окушат. Рыноктун шартында, бюджеттик окуу жайларда талапка жараша акча бөлүш керек болчу. Тилекке каршы, бюджеттик каржылоо билим системасын толук камсыз кыла албай калды. Мугалимдердин орточо айлык акысы жалпы републикалык орточо айлык акыдан алда канча төмөн. Мектептеги, ЖОЖдогу мугалимдердин айлыгы өтө төмөн болуп калды. Бул аз айлык акы  алып, эптеп-септеп формалдуу келип сабак өтүүгө шарт түзгөн. Ошол эле мезгилде система өзгөргөн сайын кыргыздар да балам окуса экен, балам акылдуу болсо экен деп жатышат.

Мамлекеттин өнүккөндүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул ар бир миң адамга канча жогорку билимдүү адам тура келет деген көрсөткүч. Биз аны карабай эле ЖОЖдор көбөйүп кетти кыскарытыш керек, экономисттер менен юристтер көп анын кимге кереги бар деп келебиз. Андан көрө инженерди көбөйтөлү дейт. Же бир иштеген же курулуп жаткан завод, фабрикаларыбыз жок. Болгондорунун баарын талкалап сатып жок кылганбыз. Анын айынан бир миллиондон ашык адам чет өлкөлөргө чыгып кетишти. Менчик ЖОЖдор кимге тоскоолдук кылып жатат? Алар мамлекеттен жардам сурабай эле өз алдынча адистерди даярдап жатышат. Алар жыл сайын орто мектепти бүткөн 70-80 миң жаштарыбызды бир тобун убактылуу болсо да көчөнүн, бандиттердин таасиринен сактап жатышат. Эгерде ал ЖОЖдор жок болсо кымыштуулуктун саны азыркыдан алда канча көп болмок. Силерге ошолор керекпи?

Кереги жок дегенибиз менен, кептин өңүтү башкада болуп жатпайбы…

-Анын үстүнө, республикада коррупция күч алып, мамлекет башына илим-билимдүү  мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн адамдар келбей, тескерисинче, мамлекеттик жумушту өз керт башы үчүн пайдалангандар келип элди бузуп салышты. Ошондуктан азыр элдин баары, балдарына эптеп диплом алып берип, эптеп мамлекеттик кызматка орноштурууну максат кылып коюшту. Аялдары майда чүйдө бизнеси бар кчанып айлыгы аз бир сол кирешеси көп адамдарга сукнып калышты. Бул процесс азыр абдан күчөп кетти. Тескерисинче, кечээ эле бутылка чогултуп арак саткан, килограмдап эт саткандар, бүгүн депутат, министр болуп отурат.

Ошонун бардыгы, 2-3 төн диплом сатып алышкандар. Алар аз айлык алган жарды мугалимдерге, 10-15 миң сом берип, баа койдуруп алышкандар. Эптеп диплом алса майлуу жерлерди сатып алып байып кетүүнүн жолу болду. Рыноктун шартынын бири — баюу. Рынокто ким көп иштесе, ким акылдуу болуп уюштуручулук кылып байыйт деген түшүнүк бар. Бирок, бизде азыр ким алдаса, тоносо, каракчылык кылса, бийлигинен пайдаланса байышат жана бул баатырлыкка жатып калды. Алар мамлекет тарабынан медаль алып сыйланып атышат. Ушунун баары келип, аттестатты, дипломду бардыгын девальвация кылып салууда. Аябай тырышып, жалаң «5» ке окуган балдардын 90 %ы азыр жумушу жок жүрөт да, ошонун жанында эле эчтеке билбей бааны акчага  сатып алып жүргөн балдардын 90%ы майлуу кызматтарда иштешет. Ошол шартта, билим деңгээлинин кимге кереги бар? Ошол дипломду сатып алгандарга керкпи?

Окуу жайлары коррупцияланып кетти деп же жеткен акылсыздар, же чоң коррупционерлер гана айтат . Себеби коррупция деген эмне экенин түшүнбөй аны мугалимдер менен врачтарга жабыштыруу билимсиздиктин накта көрсөткүчү.

Мындан чыгуунун кандай сунушун айтаар элеңиз?

— Элдин аң-сезимин өзгөртүп, аларга  түшүнүшдүрүш керек. Рыноктун шартында, акчага сатып алган диплом баалуубу? Акчага сатып алган диплом менен сенин балаң, адиспи? Аны менен алар адис болбойт. Чоң жеке менчик компанияларда, фирмаларда, банктарда  аны эч ким жумушка албайт. Эгерде мектепте жакшылап окуса, андан ары окуй ала турганына көзүң жетсе анда  ЖОЖдорго окут. Бааны сатып алба. Себеби ар бир студент клиент. Ал өзү окууга кызыкдар болуш керек. Профессорлордон мени жакшылап окут деп талап кылыш керек. Баа сурабай билим сураш керек. Ошондой аң сезимге жетүүсү керек.  Студент өзү каалабаса, эч ким оку деп жалдырабайт, кыйнабайт. Эгерде антпесе андан мыкты адис чыкпайт. Мен ЖОЖдордо 40 жыл иштедим, бааны сатып алууну  токтотууга аракет кылдык. Бирок өзү каалабаса майнап чыкпайт экен.

(Уландысы бар)

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here