Ысык-Көл облусундагы бул жуманын эң эле кубанычтуу окуясы- Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында жайгашкан «Жыргалаң-Дөргөкөмүр» шахтасында суу толуп калган өткөөлдөн чыга албай калган эки шахтер- Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматовдун аман-эсен куткарылышы болду.

Өткөн жуманын ишемби күнү аталган шахтада жардыруу иши болгондо, мурдагы шахтадан калган боштукка толгон суу казылып даяр болгон өткөөлгө агып, биринчи бөлүктү каптап калган. 200 метр узундуктагы биринчи бөлүккө суу толуп калгандыктан, шахтерлор чыга албай калышкан. Алар суу толгон биринчи бөлүктөн 3 метр өйдө жайгашкан экинчи бөлүктө болгондуктан, аман калышты. Шахтанын биринчи бөлүгү ылдыйыш болуп, андан жогору турган экинчи бөлүк жантая казылгандыктан, балдар шахтанын түбүнө коргонушкан. Алар жер атсында фанариктен башка куралы жок туура 42 саат жатышып, канча убакыт өткөнүн жана шахтанын сыртында жарыкчылыкта канчалаган мекендештери алар үчүн санаа тартып, бир нечелеген мекеме кызматкерлери, айылдаштары түн уйкудан кечип, сууну ташуу иши менен алек болгонун билишкен эмес.

«Ачыгын айтканда, бул жашоодон үмүт үзгөн учур да болду» -деген шахтерлор көмүрдү казып ичине жылууланып жатканын айтып беришти. Алар шахтада толгон суунун азая баштаганын көрүп гана үмүтү жанган. Кайрат Дөргөевдин айтымында, кырсык тооруп турганда, анын оюна эң алгач ата-энеси келген. Анан чоң энеси, бир туугандарын ойлогон. «Эң эле биринчи ойлогонум-ата-энем болду. Мен мында зыян болуп калсам, ата-энем эмне болот деп ойлодум. Алар асанкайгы адамдар. Андыктан, аларды аяп кеттим»,-дейт.

Чындыгында, мындай кубанычтуу куткаруулар биздин жашоодо көп боло бербейт. Балдардын бактысы бар экен. Кырсык каптаган күнү Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүндө шахтанын ичинде калган эки шахтерду издөө, куткаруу иши боюнча штаб түзүлүп, төрагасы болуп Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров дайындалган. Бул иште алгач суу сордуруучу үч насос иштеп турганына карабай суу азайып кеткен эмес. Андан соң саатына 100 куб суу сордурган насос менен “Кумтөр” компаниясы жардамга келди. Ошондо, жалпы алганда бир жарым суткадан ашык убакта шахтанын ичинен 2000 кубга жакын суу сордурулуп чыгарылган. Ал жерде күнүнө 200дөн кем эмес адам иштеп, айылдаштар чакалап болсо да суу ташышты. Кыргыздын кыргыз экени ушундайда билинди. Тамагын көтөрүп келгендер, колунан келген жардамын кылгандар көп болду.

Айтор, бардык коркунуч, кайгыруу, кабатырлануу артта калды. Дамир Моңолдоров шахтерлер куткарылганда, шахтага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына жана бул ишке активдүү катышкан мекемелерге ыразычылыгын билдирди. “Бул иште ар бир кызмат өз адискөйлүгүн көргөздү. ӨКМнин жарандык коргоо кызматындагы бөлүмчөлөр, Ак-Суу райондук администрациясы, Жыргалаң айлынын жана ага жакын айылдардын тургундары, терендикте суу сордуруучу насос менен камсыз кылган «Кумтөр» компаниясына ыразычылык билдирем. Кечөөтөн бери күч бирдикте, ынтымакта экенине дагы бир жолу ынандык. Бүгүнкү жеңиштин ээси көп”, дейт ал.

Чын эле, бул окуяда жеңиштин ээси көп болчу. Эки күн уйкудан калып, эс –мас болуп чарчап жүргөн Ак-Суу райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Элчибек Жантаевди, ӨКМнын Ак-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Абировдун чарчап да, кубанып да жүргөнүн көрүп, ыразы болдук. Албетте, бул жерде үйүн көрбөй, уйку жок жүргөн адамдар жалгыз эле алар эмес, андай адамдардын катары бир топ эле…

Эмне болсо дагы бул окуянын акыры кубанычтуу аяктады. Аяктады дебейин, жакшылык менен башталды. Себеби, бир кездеги шахтер Дөргө деген адамдын небереси бир өлүмдөн калды. Кайрат Дөргөев өзү Малайзиядан жогорку билим алып келсе дагы, чет өлкөлөп кетпей, 7 ай кыш болуп, кай бир күндөрү жолу жабылып калган тоо койнундагы кичинекей айылында калып, шахтага тагдырын байлап койгону да бекеринен эмес эле.

Чоң атасы Дөргө, өз атасы Бактыбектин жолун жолдоп, татаал кесип тандап, шахта чыкса, жашоо оңолот деген айылдаштарынын катарын толуктап, ал үчүн болгон аракетин жумшап келген. Мени сүйүнткөнү, Кайрат жер алдындагы эки күндүк жашоодон кийин да кайратын жоготпогону болду.

“Биздин өмүр үчүн күрөшүп, куткаруу аракетин жасаган бардык мекендештериме, айылдаштарыма ыразымын. Элим бар үчүн мен туулуп, киник каным тамган жерде жүрөм. Четте да жүрдүм, ал жактын жакшы жашоосун да көрдүм. Бирок, мен эч убакта ал өлкөлөр менен өз Мекенимди алмаштыра алмак эмес” дейт ал.

 

Ал эми, аталган шахтанын жетекчиси, Кайраттын атасы Бакыт Кенесаровдун кубанычын сөз менен айтып бүтө албаспыз. Андан шахтадагы техникалык коопсуздук тууралу сураганыбызда, ал: “Негизинен менин өз алдыма койгон эң биринчи талабым- техникалык коопсуздук эрежесин сактоо эле. Өткөөлдө ар бир метр жерге карагайлар кымаптап коюлуп, дубалдар бекем жасалып келген. Атайы түзүлгөн долбоор менен иштеп келе жатканбыз.

Учурда жасап жаткан жумушубуз- коопсуздук үчүн кошумча чыгуучу жол (запасной выход), вентиляция жасалып жаткан эле. Биз жер кыртышындагы суулар эски шахтанын көңдөйчөсүнө толуп турганын билчүбүз. Аны кофе берип, ал жерге кошумча чыгуучу жер даярдамакпыз. Бирок, суу биз кое берчү күндөн эрте агып кетти. Эми ал суу жок. Коркунуч артта калды. Эми ал жерге суу турбайт. Ал эми, биздин шахтада аккан суулар ылдый жакта топтолот. Аны чыгарып турган насостун кубаттуулугу да эсептелген”, -деп билдирди. Ал эки шахтерду куткаруу ишине катышкан бардык эл-журтуна ыразычылыгын айтты. “Биз бул шахтаны 1997-жылы баштаганбыз. Мен анда 35 жашта экенмин. Ошондон бери алпурушуп келебиз. Бир чети бул жумушту биз жасабасак, башкалар деле жасайт эле деп ойлоп коем. Анткени, бул айыл шахтасыз айыл эмес.

Бул-шахтерлордун айылы. Алгач «Көк-Бел-Көмүр», 2010- жылдан бери «Жыргалаң-Дөргөкөмүр» ЖЧКсы деген ат менен көмүр чыгаруу, сатуу боюнча жаңы жерди өздөштүрүп иштеп келе жатабыз. Атам Дөргө өткөөлчү болуп ушул жерде иштеген. 63 жашында каза болгон. Андыктан, ушул айылда төрөлүп, мектепте окудум. Аскерге кызмат өтөп келген соң Баткенде Кызыл-Кыяда шахтерлук билим алдым. Кийин тоо-кен институтун аяктадым. Балалыгымды эстесем,биздин айыл бир шаар болгондой эле туюлат. Чынында айылыбыз чоң эле да. Анда күргүштөгөн жашоо жүрүп турчу. Азыр болсо, тынчтык өкүм сүргөндөй. Көп жаштар жумуш издеп кетип калышты. Мен анте алган жокмун. Болгон күчүн шахтыга берген атамды эстеп, кара алтын казуу менен үй бүлөсүн баккан айылдаштарымды көрүп шахта иштеши керек деген ойдо болдум. Буюрса, баары жакшы болот деп төлгө кылып турам”,-деп билдирди ал.

Автор: Жумагүл  БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here