— Упел, кандайсың?  Соцсеттерде сизди коркуткан депутат тууралуу билдириңиз абдан талкуу болуп жатат?

— Сөз менен коркутту. Иш менен аракет кылса, баары белгилүү болот.. Ал мени «бүгүн келип, кечирим сурабасаң, кечинде зордуктатам» —деди. Бой без правилдеги балдарды айтып…Анын ар бир айткан сөзү записте жазылган, далилдер бар…Бул боюнча арыз жазып, айткан сөздөрү үчүн жоопко тартылат.

— Сизге ошондо телефон чалды да?

— Ооба, чалып коркутту.

Эмнеге кечирим сурашыңыз керек экен андан?

— Жазган материал үчүн.

— Сиз азыр кайда иштеп жатасыз?

— «Алиби» коомдук -укуктук гезитте.

— Ал депутат тууралуу ошол жакка чыккан да ээ?

Ооба.

Камчыбек Жолдошбаев болушу мүмкүн деп жатышат, ошол чынбы?

— Жок…Ал адам эмес…аны саясатчы катары сыйлайм…Учурда коомчулук мисал келтирип жаткан депутаттардын бирөөсү да эмес. Ким экендиги баары жакында белгилүү болот. Болгону, ал адамдын ким экендигин айтып, анын абийирин ачкым келген жок

Атын атабайсызбы азыр?

— Эл кадырлаган, эл жакшы таанып билген…таанымал эле депутат. Мени коркуткан, «зордуктатам» деген сөздүрүн бир нече жолу кайталап айткан сөздөрү далилдер бар…Бул боюнча арыз жазам. Баары белгилүү болот…Тиешелүү органдар чара көрүшү керек…Жогорку Кеңеш да карап чыгыш керек. Азыркы депутаттардын мындай мамилесин жоопкерчиликке тартуу керек. Адамдын тагдыры депутаттардын колунда болуп калганбы? Мен түшүнбөй турам…

Булак: Чагылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here