(Экинчи бөлүк)

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, Экономика жана финансы институтнун ректору:

-Агай, ал аракетиңердин жыйынтыгы болдубу?

-Азыр мен мугалимдердин профсоюздарынын борбордук комитетинин президиумунун мүчөсү, ошол жерде мугалимдерди социалдык жактан коргоо уюмунун жетекчисимин. Асылбек Токтогулович башында туруп, ошо кишинин демилгеси менен үч жолу демилге көтөрүп, мугалимдердин айлыгын көтөрүш үчүн 2 жолу чоң ийгиликке жетиштик. Биринчиси Бакиевдин убагында, мугалимдердин айлыгын 30%ге чейин көтөрдүк. Депутаттардын ар бирине кат жазып, мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек, болбосо мектепти жоготуп, балдардын аң-сезимин талакалап алабыз деп жатып. 2 -де болсо, 2010 жылкы төңкөрүштөн кийин, айлыкты 2 эсеге көтөрүү маселесин көтөрүп, мугалимдер иш таштап, биз колдодук. Акылбек Жапаров ал кезде депутаттык комитетте бюджетте башчы болуп турган. Ал киши профсоюз менен кошо иштешип, айлыгын 2 эсеге көтөрүүгө жардам берген.

“Айлык көтөрүүнүн аты калды Бабановго…”

Эрди сайды эр Чубак, аты калды Манаска болуп аты Бабановко калды.  2011-жылдан бери 10-15% көтөрүлүп жатат, бирок , бул маселе дагы эле бар. Айлыктарын көтөргөн менен мектептердин материалдык базасы өтө начар. Долбоор менен жазылган китептердин сапаты өтө начар. Себеби, ал долбоорго да коррупцияланган авторлор жыйналып алышты да.

Эч кандай китепке тиешеси жок эле адамдар жазып, кээ бир китептерди грузияныкын көчүрүп келип же грузин тилинде чыккан китептер болду. Мына анын жыйынтыгы келип, азыр мектепте түзүгүрөөк чыккан китептер жок.

Эмне үчүн, «Манас таануу», Кыргыз тили  ЖОЖдордо окулушу керек? Буларды мектепте 8-класска чейин базалык билим катары берүү керек. Баарыбыз эле 8-класска чейин «Манас», кенже эпосторду кошуп окуп келгенбиз. ЖОЖдорго өтүш үчүн кирүү экзамендарин тапшырып, кайра эле адистик алуунун ордуна экзамен берген сабактарды окутуу Кемчонтойлук эмеспи. Баарыдан да Мамлекеттик экзаменди берсин дешет. Демек, мектептердеги окуу программаларынын ашмалтайын чыгарып салдык. Мектепте бүтүп аткан бала дилбаян жазат, таза жазуу жазат. Ошол жерде жазалбаган баланы кантип универде окутасың? ЖОЖго өтүп кеткен бала ошондон экзамен берип, 4-5 алат да кайра эле ошону окуу керек дешет. Себеби тарыхчылар менен тилчилер коррупцияланган ЖОЖдорго сабак берип пара алашы керек. Болбосо жашоосу оңолбойт. Көрдүңөрбү бул — абсурд.

— Бирок, билбей жатпайбы?

— Билбей жатса албаш керек да. Репетитор жалдап окутуш керек. Кыргыз тарыхы менен адабиятка каршы эмесмин, тескерисинче чоң күйөрманмын. Бирок окуу системасын алып караганда бул туура эмес. Биз даярдап аткан ошол юрист, экономист, инженер балдар кантип жакшы адис болот, эгерде ашыкча сабактар адистик сабактарга караганда көбүрөөк болсо… Конституциялык сотту тандап атканда, эсиңизде болсо керек. Отунбаеванын алдында отурган соттука кандидат адамды теледен да көрсөттү. — Муну билбейт турбайсыңбы сени кантип сот кылып  тандап алам? — десе,  » Конституциялык сотко кабыл ала берсеңиз, ошол жактан үйрөнүп алам да» деп жатат. Ала турган адистиктин сабактарга көнүл бурбай, ким кайсы адистикти бүткөн министр болсо ошону мамлекеттик экзаменге киргизгенди адат кылып алдык. Анысы кызматтан кеткенден кийин мактанат- көрдүнбү мен ушул сабакты бардык ЖОЖдордун мамлекеттик экзаменине киргиздим деп. Канчалык зыян алып келегени менен иши жок. Ошон үчүн, системанын сапаты жок. Азыр жумушка барсаң, мисалга банктарда конкурс жарялайт. Конкурска келгенде балдардан «Манасты», кыргыз тилин сурабайт. Ал балдардан компьютерди, англис тилин, банктын жумушун  билесиңби?- деп 3 гана нерсени сурайт.  Ушул үчөөнү билбесе, ал банкта иштей албайт, банкта иштей албаса — ал банк банкрот болот. Банктын ээсине банкрот болуу керекпи?

 «Кыргызстанга 51 ЖОЖ көптүк кылбайт, 3,5 млн. калкы бар Монголияда ЖОЖдордун саны 100дөн ашык…»

— Билим системасында реформалоону айттыңыз. Кыскартуу маселеси да бар. Кичинекей Кыргызстанга 50дөн ашык ЖОЖдун кереги барбы?

— Анын санын эч ким эч качан эсептөөгө акысы жок. Себеби, базарда картошканы 1 тонна же 2 тонна алып кел деп эч ким айтпайт да. Билим деле ошондой. Бул рыноктун талабы. Жумушчу күчүнүн талабы.

Конкуренция көбөйүшү керек. Мисалга, бажыда иштеген ар бир баланын артында акчасын эмес, билимин көтөрүп ондон бала турса, жетекчи ким көбүрөөк берет дебей, ким көбүрөөк билет- деп караса. Ошондо конкуренция жогорулап, сапат өсөт. Конкуренциясы жок жерде сапат жок. Конкуренцияга туруштук бере алса, улам атаандашып жатып, балдарды күчтүү чыгарат. Алар бюджеттен акча да алган жок.

Эгер, кыскартсак, баарын кыскартып отуруп, мисалга Улуттук университетти калтырсак, бир орунга он бала болот да, элестетип көр, ректор бир сезондо канча акча чогултат. Ансыз деле алып жатышат. ЖОЖдорду монополист кылып койсок, ызы-чуулар ошондо башталат. Кыскартууну кимдер диплом сатып алып депутат болсо, ошолор көтөрүп жатат. Канчалык акылдуу балдар көп болсо, менин ордумду тартып албаса экен деп коркушат. Чиновниктерге элдин караңгы, эчтеке билбей, сокур, дүлөй болгону жагат.

ЖОЖдордун миң адамга алган саны боюнча алсак бардык өлкөлөр бизден алдыда. Россияда 1500 дөн ашык, Монголияда 3,5 мллион калкы бар, ЖОЖдору 100дөн ашык, Казакстанда бир эле Жамбыл областында 12 ЖОЖ бар. Биз болсо Премьер министрлер менен министрлердин саны боюнча бир дагы өлкөгө жеткирбейбиз.

— Бирок, сиз айткан кыргыз тил сабактары деле 3-курска чейин кетип жатпайбы. Андан кийин адистик кетип жатат. Ал жетишсиз дейсизби?

Ал дээрлик жетишсиз. Азыр 5 жылдыктан  тен 4 жылдыкка өттүк. Болондук система деп дагы башкасына өтүп жатабыз. Болондук система деген — бул сырткы эле формасы. Мурда 90 минуттан окуса, азыр 50 минут  окуйт. Болгону форма өзгөрүп жатат. Ички мазмуну бош болуп жатпайбы. Болондук системаны да түшүнбөй жатышат. Болондук система деген Чыгыш-Европалардан келди. Алар АКШдан калып кала баштаган. Ошондо Европа эми биз ар бир өлкөнүн билим ситемасын өзүнчө кылбай чогуу кылалы дешкен. Мисалга, Берлинде студент окуп жатса, ал франциядан баланча профессордон лекция алса, аны Берлин кабыл алсын. Ал эми Римде окуган бала, Берлиндин каалаган профессорунан лекция алса аны Рим кабыл алсын дешкен. Же болбосо, бул Европанын бирдиктүү билим системасы деп коёт. Эң күчтүү профессор ким болсо, башка мамлекеттин студенти андан билим ала берет. Бул өтө эффективдүү нерсе.

Аны Кыргызстанга киргизүү үчүн, аны элден мурун биз мектептин базасын көтөрүүбүз керек. Элиталуу, жөнөкөй болуп мектептер бөлүнбөө керек. Бизде азыр,  элита деп бирөөнүн атын чыгарып коюшат. Ал мектепке ата-эне 5-6 миң доллар төлөп киргизип жатышат балдарын. Бул деген системаны өлтүрүп жатат. Экинчиден ОРТ бар. Бул система менен алыскы мектепте окуган балдар окубайт деген сөз. Бишкекте анын ичинен 5-6миң доллар берип мектепте окуткан балдар гана өтүп калат. Коррупция дешип атат.  Ал коррупцияны түзгөн ким? Өзүбүз болуп жатпайбызбы. Республиканын бардык аймагында, мектеп деңгээли бирдей болууга тийиш. Азыр болсо, аттестат эч жерге жарабай калды. ОРТ жок болсо, сени эч ким мектепти бүттү деп эсептебей калды. Бул жерден адамдын конституциялык укугу бузулуп жатат. ОРТны бюджеттик орундарга колдонуу керек эле. Контрак менен окуган балдарды жайына коюш керек. Фундменталдык — Кыргыз тили, математика, биология, география, тарых ж.б. сабактарынан бере турган мугалимдер мамлекеттин эсебинен окуу керек. Мамлекеттин эсебинен, окуп жаткан студенттердин стипендиясы чет өлкөдөгү чоң стипендиялардан кем болбошу керек. Аларга сабак берип жаткан мугалимдердин айлыгы чет өлкөдөгү мугалимдерден кем болбошу керек. Мектеп мугалимдеринин айлыгы, өз жашоо деңгээлине кенен жетиш керек. Мектептин да, ЖОЖдун да деңгээли көтөрүлөт. Эл да түшүнө баштайт.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here