Кечээ, түнкү саат 12ге жакын Бишкек-Кара-Балта жолунда, тактап айтканда Ваенно-Антоновка айылынын аймагында (РИОМ автоунаа базарына жакын жер) Кара-Балтадан келаткан ак түстөгү «Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон (бет маңдайынан чыга калган) өтүп бараткан орус улутундагы адамды сүзүп алган. Ал ошол эле жерден мүрт кеткен. Ошол жерге чогулуп клагандар бул кырсыкка мас адам өзү күнөөлүү болуп калганды деп божомолдошту.  Ал адам мас экени айтылууда. Айдоочу таксит болгон. Анын машинесинин ичинде орус улутундагы эки аял жүргүнчү катары келатышкан. Окуя болгон жерге, МАИ кызматкерлери келип, териштирүү иштерин жүргүзүштү.

https://www.youtube.com/watch?v=alXScSWkjvA&feature=youtu.be

Айдоочу башка кутурган айдоочулардай болуп качып кетпестен, МАИ кызматкерлерине түшүндүрмө берип турду.  Машиненин  бет маңдай терезеси жарака кетип, бампери мырыйып кеткен. Бул окуяга биздин кесиптештеридин бири күбө болгон.

https://www.youtube.com/watch?v=xgQzUuYFP0I

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here