Бүгүн эртең менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековдун агасы Кантөрө Токтомаматов  70 жашында каза болду.

Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын атайын ооруканасында көз жумду. Мурда ал ооруканага инсульт болуп жаткырылган.

К.Токтоматов Жалал-Абад облустук Экономика жана ишкердик университетинин ректору болуп иштечү. Ал Кыргыз Республикасындагы алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жайдын – Экономика жана ишкердик университетинин негиздөөчүсү болгон. Ал 1970-75-ж. Ош областы финансы бөлүмүндө улук инспектор, 1975-93-ж. КМУда окутуучу, доцент, декандын орун басары, 1993-жылдан Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик окуу жайдын ректору, кафедра башчысы, кандидаттык диссертацияларды коргоо кеңешинин төрагасынын орун басары.

ЖАМУ, Улудаг университетинин (Түркия) ардактуу профессор 4 окуу китебинин, 100дөй илимий эмгектин (алардын ичинен 3 монография, 4 окуу методикалык колдонмолор ж. б.) автору. Эл аралык «Руханият» сыйлыгын алган. Ал 2016-жылы аталган окуу жайга кайрадан ректору болуп дайындалган. Экономика илимдеринин доктору, профессор.

Эске сала кетсек, К.Ш.Токтомаматов Экономика жана ишкердик университетинин ачылышы, түптөлүшү, 23 жыл аралыгында жогорку кесиптик билим берүү тармагында ийгиликтүү иштеши үчүн жеке зор салымын кошкон жетекчи катары эсептелеип келген. Ал негиздеп кеткен окуу жай Кыргыз Республикасында гана эмес, КМШ өлкөлөрү боюнча да алгачкы мамлекеттик эмес, рыноктук экономиканын шарттарына жана талаптарына толук жооп берген алгачкы университет болгон. Университет агайдын жетекчилиги астында 11 миңден ашуун адистерди даярдап чыккандыгы айтылат.

Кантөрө агабыздын Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Арты кайрылуу болсун! Жакын туугандарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтабьз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here