Назира айым, эмне себептен 2 аял алууга уруксат берүү керек деп ойлойсуз? Сиздин соцсетке жазган ушул маселе тууралуу пикириңиз кызуу талкууга түштү го…

-Мен эки аял алгандарга бирдей укук берилсин деп айттым. Мисалы, бул баарын эле көп аял алгыла дегенге жатпайт. Бул, айрым үй бүлөөдө өз ара макулдашуу менен эки аял алгандарга тийиштүү. Турмушта кезиктирип жатабыз, экинчи аял алууга биринчиси уруксат берет. Алар никеге турганы менен, мыйзам алдында никелеше албайт. Мамлекеттик каттоого тура алышпайт. Ошондуктан, өз эрки менен эки аялдуулукка макул болгондор үчүн эки аялга тең ЗАГС берүүнү мыйзамдаштыруу керек. Ушунда экөөнүн укуктары бирдей болот. Экинчи аялдын укугу сакталат.

— Бул жерде аялдын укугу тепселип калбайбы?

— Эки никеге турууну мыйзамдаштыруунун жолдорун карап, биринчи аялдын уруксаты менен гана деген эреже киргизиши керек. Мыйзам кабыл алса эле баары эки аял алып алат дегенден алысмын. Ала тургандар мыйзамы жок эле алып жатат. Мыйзам менен эле ага бөгөт кое албайсың. Эки аял алгандарга кылмыш жоопкерчилиги деле каралган эмес. Эки үй бүлөө күтүү баарынын эле колунан келе бербейт. Ашынган байлар алат дешет, бирок эки аял алууга байлык эле мүмкүнчүлүк берет деген жаңылыштык. Байлыктан тышкары моралдык жактан даяр болуу керек.

— Динге жамынып, учурда бир аялды багалбай атып, экинчи аялды кыялданган эркектерге Кудай берет го?

-Динге жамынып алып аял алып, аны бага албагандар тууралуу маалыматым жок.

Шарты барлар үйлөнүп жатышат, ашыкча түйшүктүн кимге кереги бар? Мен билгенден жаштар арасында, кадыр барктуу эле мырзалар эки никеде жашап жатканы бар.

— Жолдошуңуз барбы?

-Жолдошум жок, бирок бизге тең караса уруксаат бермекмин. Эгер, мен турмушка чыгып, ушундай маселе жаралса, албетте уруксат бермекмин. Жакшы кыз көрсөм, өзүм деле сунуштамакмын. Алгач байкамакмын кандай кыз экенин.  Сүйлөшүп көрмөкмүн. Анткени, биздин үй-бүлөгө кирип жатат да.

Булак: Чагылган. Суроо салган, Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here