Кыргыздын намыстуу жигити Дастан Шаршеев 22-апрелде Казань шаарында «Tatneft» чемпиондор кубогуна катышып, ага ар кайсы континенттен мыкты мушкерлер катышкан. Ал эми биздин Кыргызстандын атынан Дастан Шаршеев намыс коргоого чыккан. Ал биринчи жана экинчи раундда утушка ээ болуп, үчүнчү раундда дагы утушка ээ болгон. Бирок калыстар тобу ал жеңишти жокко чыгарып салышкан. Ал  орусияын мушкери Антон Калинин менен мушташкан. Шаршеев бул чечимге нааразы болуп сотко кайрылган. Дастан мырзанын ушул мелдештен кийин жылдызы жанып, тез араынын ичинде элдин оозуна алынды. Бир гана кыргыз элине эмес, Дастандын мыкты мушкер экенине орус эли да баа берди. Ошондон улам орус ЖМКларды да Дастанды кепке тартып, аны менен маектешип жатышат. Биз да Дастан мырзага алдыдагы реваншта ийгилик каалайбыз. Ылайым, жеңиш желегин желбиретип, өлкөбүздүн, кыргыздын намысын коргосун! Төмөндөгү тасма ошондой маектердин кыскача үзүндүсү:

https://www.youtube.com/watch?v=8-8IDkkjJ6E&feature=youtu.be

Шаршеевдин мушташын бул тасмадан көрө аласыз:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here