Арстанбек Абдылдаев деген кыргызда бир  ашыкча «олуя» бар. Ошол адам оозуна келе  калган акылга сыйбас ар кандай сөздөрдү  айтып жүрүп, элге таанымал болгон. Өзгөчө аны көпчүлүк  «Зима не будет» деп аташат. Бул кургур көпөтөн бери элге -журтка аты айтылбай, угулбай калганына бук болуп кеткенби, айтор ал аз күн мурун: «Мен 500 жыл жашайм, анан кубулуп кетем» -деп элдин бир эсе күлкүсүн келтирсе, бир эсе кыжырын келтирди. Башкалардын эки эле көзү ачылса, мунун баардык жери ачылганбы бейм. Кудайдан «телеграмма» алгансыбай, пайгамбарлык кылбай, арыдан-бери болгону өзүнө деле жакшы эмеспи.  Ач көздүгү укмуш окшойт. Жок дегенде 100 жыл деп айтса болмок, анчалык ач көздөнбөй. Мейли эми, биз деле ичи тардык кылбай эле коёлучу, колунан келсе 1000 жыл деле жашай берсин адамзатына, өзгөчө кыргыз элине , кийинки муундарга эрмек болуп…Төмөндө анын минтип айтканын тасмадан көрүңүз:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here