Мына ушундай маалыматты журналист Упел Анаркулова соцсеттеги өз баракчасына жарыялаптыр. Ал Жогорку Кеңештин депутаты телефон аркылуу коркутуп, эрежесиз урушка түшүп жүргөн он балага салып берип, акырында журналисттин оозунан зордуктайм деп коркутканын баяндаган.
Бирок кайсы депутат аны мынчалык «сыйлагысы» келип жатканын ачык айтпаптыр. Мынча болду ачык айтса болмок экен. Бирок бизде ушунчалык зөөкүр депутаттар деле бар экенине ишенсе болот.
Ошол эле учурда журналист кызды ал депутат ким болсо да, жөндөн-жөн коркута бербесе керек.
Демек, экөөнүн ортосунда бир чечилбеген талаш-тартыш маселе бар чыгаар. Ал нерсе деле көп өтпөй ачыка чыкса керек.