Чагылган: Өткөн жуманын этегинде Бишкек гуманитардык университетинде “Дүйнө тилдеринин маданияты” («Единство в много образии») деген аталыштагы чоң иш-чара, тактап айтканда фестиваль болуп өттү. Ага Кыргызстандагы 22 ЖОЖдон жалпысынан 400 студент катышып, алар 73 командага бөлүнгөн. Мындай иш-чара жалпы эле студенттер үчүн эң керектүү иш-чара болуп саналат. Себеби, өз өнөрлөрүн, билим өркүндөтүүгө жол ачары турган иш.

 

Аталган фестивалга Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана Кыргызстандагы бир катар мамлекеттердин элчилери, ошондой эле бардык кызыккандар катышып, аталган окуу жайдын чоң залына көрүүчүлөр батпай калды. Аталган иш–чараны Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев ачып берди.

Ал: “Бүгүнкү эл аралык фестивалдын негизги миссиясы да, философиясы да дал ушунда. Ар кандай конкурстарда утулганы болот. Кеңештин максаты каалоо менен умтулууда. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде жаштар ушундай фестивалга катышып отургандын өзү кенч. Менин оюмча, биздин эң биринчи байлыгыбыз бул биздин ынтымагыбыз жана билимибиз” – деп баса белгилеп айтып, кийинки сөздү министр айымга узатты.

Кудайбердиева Гулмира, Билим жана илим министри:

— Кутмандуу күнүңүздөр менен фестивалдын катышуучулары, урматтуу элчилер, меймандар, баардыгыңыздарды ушул бүгүнкү Кыргызстанда «Дүйнө тилдерининмаданияты» аттуу дүйнөлүк деңгээлдеги биринчи Эларалык фестивалдын катышуучулары менен чын дилден куттуктайм.

Кыргызстан дүйнөлүк жана маданий деңгээлде биринчи эл аралык фестивалын өткөрүп жатышы жакшы, бул тарыхый окуя. Анткени, биз көп улуттуу мамлекетпиз. Мына ушундай эле иш-чаралар элибиздин биримдигин арттырууга, биригүүгө шарт түзөт. Аталган форумдун Мамлекет башчы тарабынан белгиленген, «Ыйман, адеп жана маданият” жылында өзүнүн символикалык орду бар.

Мындай иш-чара Бишкек гуманитардык университетинин демилгеси менен ачылып жатышы да, уникалдуулукка ээ болуп, келечекте фестивалдын өзү дүйнө  элдерин ынтымакта , достукта жашоого жана мамлекетибизди биримдикке чакырууну камтыйт.  Убакыттын өтүшү менен бүгүнкү фестиваль дүйнө элдери атадан — балага өтүп келген каада — салты менен алмашып, үрп-адатын көрсөткөн жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык фестивалдардын бирине айланарынан үмүтүм бар. Кыргызстанда калктын 40 %ын жаштар түзөт.

Жаштар мекенибиздин келечегисиздер. Мамлекеттин өнүгүшү сиздерден, сиздердин алган билимиңиздерге көз каранды. Урматтуу фестивалдын катышуучулары, сиздер бүгүн ар улуттун көз карашын, тилдеринин баалуу байлыгын көрсөтөсүздөр. Тил — бул эл менен маданияттын ортосундагы көпүрө. Урматтуу фестивалдын катышуучулары жана меймандар, сиздердин бардыгыңыздарды фестивалдын ачылышы менен куттуктайм жана ишиңиздерге ийгилик, чың ден соолук каалайм !

22-апрель күнү фестивал жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Жаштарыбызга шык бере турган, билимине билим кошо турган мындай иш-чаралар дайым болуп турушу керек. БГУ демилгелеп баштап чыккан бул иш-чара эми унутта калбай, балким башка ЖОЖдор кезек-кезеги менен улантып турушу керек деп эсептейбиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here