Редакциядан: Атпай -журтубуздун айтылуу уулу Аскар Салымбеков агабыз учурда жубайы Гүлмира Мамбеталиевадан айырлып, кабыргасы сөгүлүп, жан -дүйнөсү эңшерилип турат. Биз агабызга сабыр тилейбиз. Ал эми мезгилсиз бул дүйнөдөн көчкөн, жылдыздай өчкөн Гүлмира Мамбеталиева эжебиздин жаткан жери жайлуу болуп, ылайым жаны жанатта болсун дейли. Аскар агабыз, өзүнүн ФБдагы баракчасына жубайы тууралуу кыскача эскерүү жазыптыр. Аны төмөндө бирге окуйлу:

-Ажал улук, ажал бийик экен. Кайдан келсек, кайрадан кайтып барчу күн дагы келет экен. Кечээ, 45 жыл бирге түтүн булатып, уул-неберелерибизди тарбиялаган жубайым Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнаны акыркы сапарга узаттык.

Алгачкы махабатым болгон Гүлмира мен үчүн ɵмүрлүк жар эле эмес, бардык тармакта кеңешчим, жан жолдошум эле. 17 жашымдан баштап бирге ɵткɵргɵн студенттик күндɵрүбүз, баш кошуп үй бүлɵ куруу жана канчалаган коомдук иштерге чейин бир баскан жолдорубуз түбɵлүк эсте калды.

Сүйүктүү жарым Гүлмира үй-бүлɵ, илим-билим жана маданиятта кылган иштеринин үзүрүн кɵрчү убакта бизден айрылып кетти.
Асылым түбɵлүк жашооң жайлуу, топурагын торко болсун!

Сенин элесиң биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашай берет.
Өмүрлүк жубайым Гүлмиранын мезгилсиз дүйнɵдɵн кайтканына байланыштуу биздин кайгыны тең бɵлүшкɵн ага-тууган, дос-тааныш, кесиптеш, жакын-санаалаш жана бардык мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бардыгыңыздарга аманчылык, ден соолук жана бакубатчылык тилейбиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here