КСДП депутаты Рыскелди Момбеков: » Убагында «Манас» аэропортунун жетекчилиги баасы 2 млн. доллар турган «бортовое питание» оборудованиесин 12 млн долларга сатып алыптыр.

Баягыда Өмүрбек Текебаев айтса, актандыңар эле. Мен ЖКдагы аттуу баштуу инсандардан сурап көрсөм Венада ал аппаратты 3 млн долларга сунуштаган экен. Эмне үчүн 2 млн доллар турган нерсени 12 миллионго сатып алышкан?» — деп ушундай маселе көтөрдү. Бирок өкмөт буга негизги ачык жоопту бере элек. Бул жерде коррупция жыттанып турганы ачык эле байкалып турат.

Укук коргоо органдары эмнеге мынча уйку сурайт, эртелеп элге ачыктап, коррупционерлерди кармашпайбы. УКМК качан уйкусунан ойгонот?  Бул маселени, Текебаев айтып чыкканда, “Өмүкенин баягы эле урдуртмаларынын бири го ” –дегенсип, бийлик көңүл бурбай койгону ырас. Мына эми бийликтин, болгондо да бийликти бир колго чеңгелдеп олтурган КСДПнын депутаты айтты го. Эр болсоңор, 2 млн. долларлык оокатты 12 млн. долларга көтөрүп, ортодо олчойггон 8 млн. доллар жегендерди аныктап чыккыла, эми, ары же бери болуп…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here