Чагылган:Өзбекстанда алдоо жолу менен врачтын сертификатын алган тракторист 8 жылга эркинен ажыратылды. Ал врач болуп алдап, жарым миллион доллар тапкандыгын Башкы прокуратуранын «Хукук» гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Бухар облусунун Алат районунда тракторист болуп иштеген Кахрамон Пулатов, Психологдордун, врачтардын жана элдик  медицинанын Бүткүл Дүйнөлүк ассоциациясынын жасалма мүчөсү болуп, ал сертификатты Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги берген имиш.

Бир жыл мурун, бул чайкоочу медициналык тейлөө көргөзүүчү жеке мекеме ачып алган. Аны менен кошо анын бир нече тууганы кошо иштеген. Иликтөө ишинин жыйынтыгында,  калпычы доктордун бир жылдык кирешеси 1,8 миллиард сумду түзгөн. (базар баасы менен алганда 250 миң доллар)

Бухар облустук соту Пулатовду 8 жыл эркинен ажыратып, анын эң төмөнкү  айлыгы менен 2,7 миң доллар салык салган. Анын жанындагылар да кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here