Чагылган: Кайсы жерде чыр, кайсыл жерде ызы-чуу, айтор жакшылыктын жышааны көрүнбөгөн жерге элден мурун желмаяндай жетип барып, ал окуяга улам күчөтүп түс бергенди эң мыкты өздөштүрүп алган Турсунбек Акун деген укук коргоочуну эл ийне-жибине чейин эле билип калды. Анын мурункуларын эске албаганда да акыркы айларда Садыр Жапаровдун чатактуу митингинде, андан мурун өзү жабышып жүрүп дос болуп алган Өмүрбек Текебаевдин митингинде, анан мына аз күн мурун Түлеевдин “Сапаткомун”  мамлекетке өткөрүүгө каршы ызы-чууда дагы жердеши Наримандын “жанында жандооч кийик аттырат” болуп жүрдү? Эмнеге?  Бул адам жакында эле кайсы бир маалымат булагына “Мен дүйнөдөгү эң белгилүү 25 укук коргоочунун катарына кирем”- деп маек берди жаңылбасак. Мунун угуп күлкүң келет. Деги эле укук коргоо иши эмнеден башталат? Жакшы иштерди коргоп, жаман иштерди  ачык айтыш керекпи? Же кайсыл жерде ызы-чуу болуп жатса, олжо издеген кишидей ошол жерде пайда болуп калыш керекпи? Деги эле, укук коргоочумун деген адам алгач өзүнүн, анан кыйбас адамдарынын, анан барып коомдогу тескери көрүнүштөрдө бирөөлөрдүн укугу чындап тебеленип жатса, анан ошол байкуштун укугун коргошу керек го, дейм. Чынбы?  Эми эң ириде жакындарынын укугун коргоо деген маселе боюнча сөз кылалы. Жакын адам деген ким? Ал маселеде эң ириде сени жарык дүйнөгө алып келүүгө себепкер болгон, ыйыгың ата-энең,  бир туугандарың, балдарың ж.б. Турсунбек Акун дал ушул атасынын укугун коргоого келгенде, иттик кылган жайы бар экен.

Кантип? Турсунбек Акундун  атасы Мусабеков К. (жаңылбасак Кыйтыке) былтыр август айында Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясына баласы Турсунбек Акундун үстүнөн арыз менен кайрылат.  Атасы өмүр бою кыргыз-тил, адабият сабактарынан мугалим болуп иштеген. Береги  арыздагы кыскача маанисине токтолосок мындай экен.  Акун Нарында жашаган атасынын малын саттырып, Бишкекке алып келет. Атасына тиш салдырып, кулакка аппарат алып берем” деген  (бир маалыматта  ушунча экени жазылган ) 200 канча бир миң сомун  “Бакай банкка” салдырып коёт. Банктын кызматкерлери “бул акчаңызга тийбесеңиз, үстүнө 20 миң сом кошулат” деп айтышат.

Атасы ага макул болгон окшобойбу. Бирок бир канча убакыттан кийин Акун “атам ооруп жатат” деп ал акчаны өзүнүн наамына алдоо жолу менен котортуп алган. Тергөө барагында:  “Териштирүү учурунда суралган жаран Мусабеков.  К. төмөндөгүдөй көрсөтмө берген, 13.08.2015-жылы базардан малдарын сатып түшкөн акчасын «Бакай банк» сактап алып койгон. Банкта иштеген кызматкерлер акчаңызды бир тийбесеңиз  үстүнө 20 000 сом акча кошулат деп айтышкан, ошол себептен ал акчасына тийген эмес. 2016-жылы январь айында аны Нарын облусунан, Бишкек шаарына алып келип тиш салдырып берем, кулагына аппарат сатып берем деп, аны алдап кагаздарга кол койдуруп алган. Ошол бойдон тиш салдырып берген эмес. Баласы Турсунбек Акун атам ооруп жатат деп банктан өзүнүн акчасын которуп алган.”

Атасы  тергөөчүгө ушундай көрсөтмө берген экен.  Акун болсо тергөөгө чакырылып, башкача көрсөтмө берет. Ал: “Атамды уулу Азизсбек бакпай таштап койгондо, мен 2015-жылы Бишекке алып келип багып баштагам. Атамды дарыгерлерге, курортко алып барып дарылаткам. Атам ишеним кат жазып бергендиктен банктагы акчаны өзүмө котортуп койгом. Учурда ал акча менде сакталуу, ал эми үстөккө кошула турган акчаны баласы Азисбекке бергем”- дептир. Кыскасы, ушинтип милдицияны ишендирип, атасынын арызын жокко чыгартып, өзүнө кылмыш козготкон эмес. Баса, Азисбек Мусабеков деген Турсунбектин бир тууган агасы. Ал учурунда Аламүдүн райондук РИИБсинин жетекчиси болуп иштеген экен.

Эгер атасы нааразы болбосо, акчасын баласы алып албаса, эмнеге милицияга кайралып, арыз жазат? Кептин баары мына ушул жерде болуп жатпайбы.  Кыскасы, атасынын ушинтип сыздатып, арыз жазууга мажбур кылган Турсунбек Акундан кандай жакшылык болсун!  Бул кургурга атасынын укугун коргогончо, баш кесер, кыргызга кылча жакшылык кылбаган Азис Батукаеевди “эки-үч күндө өлүп калат”- деп кокуйлап, анын укугун коргогон жакшыраак окшобойбу.

Деги эле, Акундун алдамчылык жагы шумдук дешет аны жакындан билгендер. Ал атасынын гана эмес, өзүнүн жан досу, классташы Акматбек уулу Капарбек деген кишини баш кылып бир канча адамдан акча алып, кайра бербей койгонун билгендер айтып жүрүшөт. Турсунбек Акун, атасы Кыйтыкенин колунда эмес, анын бир тууган агасы Акундун колунда аябай-эрке-талтаң болуп өскөн экен. Фамилиясы да Акун болуп калганы ошондон дешет. Кыскасы, баскан жолу дайым  чуу менен коштолгон Акундун эл биле элек, дагы бир “шоусу” ушундай экен. Башкасы бүтүп, атасы калган экен да. Баса, Акундун минтип атасынын акчасын алдап алгандыгы тууралуу “Багыт” гезити алгач жазып чыккан экен. Ошондо ага чычалаган Акун аталган гезитти сотко берет. Бирок туура эмес, бериптир. Далил турса, соттон ким коркот? Алдагын, акчаны алганы, атасынын милицияга арыз жазганы чынбы? Чын! Аягында айтарыбыз, Акунга окшогон атасына да жакшылык кылбаган адамдардын кесепти мамлекетке буга чейин тийип келди, эми андайга жол берилбеши керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here