Чагылган: Москвада 2016-жылдын Жеңиш күнүндөгү терракты даярдоо боюнча кылмыш ишин иликтеп жатып, Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, кылмыш көрсөтмө Сириядан келип турган деген жүйөөгө токтолушту. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити жазып чыкты.

Иликтөөнүн маалыматы боюнча, теракттын ишке ашышын Мухаммад деген адам башкарып турган.  Аталган теракка шектүү катары кармалган Ош облусунун тургуну, ал Сириядан Мухаммад аттуу адам менен  Вотсап жана Telegram аркылуу байланышып, көрсөтмө алып тургандыгын айткан. Иликтөөчүлөрдүн айтымында, террористтик топ элге граномет, жардыргыч жана автомат менен кол салууну болжолдошкон. Газета, ушундай жол менен террористтер  Россиянын Сириядагы операцияларын токтотушун талап кылган.

Бул ишке шектүү катары, Ош облусунан барып Москвада жашап калган 28 жаштагы  Анваржан Ташболтоев, Айбек  Саидов жана Усман Менгликулов саналууда.

Суракта, А. Ташболтоев анын байкеси 2014-жылы эле Сирияга чакырган. Бирок, ал баруудан баш тартып, бул жактан эле келген тапшырмаларды аткарып жүрүүнү туура тапкан.  Ошондон тарта ал, өзүн Мухаммад деп тааныштырган адам менен байланышып ар кыл тапшырмаларды алып аткарып турган. Мисалга, ал бир жолу каза болгон боевиктердин жесирлерине 3,7$ миң жибериши керек болгон. Оштон Москвага келүү буйругун да ал берген.

Арадан бир нече убак өткөн соң, Анваржан Мухаммед кызыл аянттын сүрөтүн тартып жиберет. Көп узабай эле Мухаммад, террактты ишке ашыруу планы даяр болгондугун жана бул үчүн куралдарды айткан адамдарга жеткериүү керектигин айткан. Ташболтоев ал айткан дарекке Ясеновго барып, бир нече гранометторду, эк АИ граната, АК-74 калибрлүү эки автомат жана бир нече патрондорду, плас бироктиттин кесимдерин көргөн. 2-майда куралдарды айтылган  адамдарга жеткирип бермек ага карабай эле опперация бүлгүнгө учурап, алар кармалып калышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here