Чагылган:Казакстандын Жамбыл облусунда күйөөсү бар келинди ала качып кеткен жигит 7 жылга эркинен ажыратылгандыгын казакстандык ММКлар жазып чыкты.  Белгиленгендей, кыз ала качуу 2016-жылдын 8 ноябрында болгон. Таразда кечки 5:00тер чамасында, балдардын тобу кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай, аны Рыскулов районуна карай уурдай качкан.

«Алар келиндин күйөөм бар дегенине ишенбей, уурдап кетишкен. Жыйынтыгында КК 125 — беренсинин 2 пунктуна ылайык, алгачкан жигит жети жылга кесилди», — деп айткан Жамбыл облустук прокуратурасы.

Кызыгы, алар башка кызды алганы келишкен. Бирок, кыздын кебетесин мурда көрбөгөндүктөн адашып башка келинди салып алышкан.   Прокурорлор айткандай, Жамбыл облусунда ушу кезге чейин ала качуу тыйыла элек. Айла жок кыздар отуруп калышат да, кийин ажырашуу көп болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here