Темир Бирназаров, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:

Темир мырза,  “Түнкү кырсык” деген жаңы киноңуздан кийин дагы бир кино долбоорун баштап жаткан экенсиз. Менин билишимче, 3 жылдан бери бир чоң темада сценарий жазып, толгонуп жүрдүңүз эле. Ошол сценарийди тартууга камынып жатасызбы?

-Туура айтасың. Бул кино долбоордун аталышын азырынча айтпай турайын.  Сценарийин бышырып, жакшылап жазууга 3 жылдай убакыт кетти десем  болот. Буйруса, сценарий толугу менен жазылып бүттү. Тартууга камынып жатабыз. Актёрлорду тандап, башка камылгаларын да көрүп бүтүп калдык, буйруса. Бул картина өзүмдүн “Тазар” киностудиясынын жеке аракети менен тартылат. Эч кимден деле жардам сурап, демөөрчү издегеним жок. Жардам берип жаткандар да бар. Бирок бирөөлөрдүн көзүн карагым келбей турат. Бир адам 5 тыйын берсе, өз талабын коё баштайт, аны жакшы билесиң. Кээ бир актёрлор да бул киного тартылуудан баш тартып жатышат. Себеби, тигинден, мындан чай ичип койдук эле, мамилебиз бар эле деп тайсалдашты. Эми бул жагы өздөрүнүн иши деңизчи. Башкы ролго 2 жылдан бери ылайыктуу актёр издеп жүргөнбүз. Азыр таптык. Костюмдарын камдап жатабыз. Буюрса,  бул кинону өзүбүздүн күчүбүз менен тартып бүтөбүз деген ойдобуз.

Мазмунун кыскача айтып бербейсизби?

-Мазмуну, тематикасы – биздин коомдогу чоң көйгөй. Мамлекетибизди артка тарткан адамдар тууралуу. Мисалдатып, тагыраак айтканда кылчуну кылып, кыл жип менен бууп, мамлекеттен башка өлкөлөргө качып кеткен  президентибиз, пластикалык операция менен жүзүн өзгөртүп, үнүн да өзгөртүп, башка паспорт жасап алып, Кыргызстанга келет. Анан тамашалап айтканда ар кандай концерттер башталат. Окуя курч түрдө өнүгүп жүрүп олтурат. Өзүн мурун Президент экенин далилдегиси келет, өткөнгө өкүнөт, кайгырат. “Көзүң ач көз болчу”- деп аны көзүнөн таанып койгондор да чыгат. Мен ушул тема менен коомдогу көйгөйдү, мамлекетибиздин өнүкпөй жатканын, алдым-жутумдардын кантип байыганын, келечек каяка баратканын, качып кеткен ажолор тууралуу карапайым эле, ар     кандай кызматтардагы адамдар кандай ойдо экенин көрсөткүм келди. Мисалы, бир мэрибиз түрмөгө камалат да, кылган кылмыштары үчүн, анан тиги ажо жасалма жүз менен келгенде түрмөдөн чыгып калганы сыяктуу саясый сүртүмдөр да тереңирээк берилди. Бул кинону көргөндө коомчулук кайсы президент тууралуу кино экенин көргөндө дароо эле түшүнөт. Азыр дүйнө боюнча 27 президент ар кайсы өлкөлөрдө качып жүрөшөт.

“Бизге 120 депутаттын эмне керги бар, ашып кетсе 30 депутат жетмек”

-Эмне үчүн саясый теманы тандап алдыңыз?

-Сен эмне үчүн көп учурда коррупцияны, коррупционерлердин жазасың? Албетте, мамлекетте тазалык болсун, өнүгүү болсун деген изги тилек менен ошондой курч макалаларды жазып келесиң. Мен дагы мамлекет тазалык,  болсун деп тилейм. Башкаларга окшоп, жеңил, коммерциялык кинолорду тартып фестивалдарга катышып жүрө берсем болот. Бирок мамлекеттин көйгөйүн чагылдырган да режиссёрлор да болушу керек. Балдарга сабак бергенде деле көрүп жүрөсүң, дайым мамлекеттин көйгөйүн чагылдырууга үндөп келем. Менин балдарым чөнтөгүндө бир тыйын жок болсо да, эптеп өздөрү барып жетим балдар тууралуу, бузулгандар, көйгөйлөр тууралуу даректүү кинолорду тартып жатышат. Ал эми чөнтөгүндө бир аз тыйын барлар миллионерлердин, аткаминерлердин тойлорун, туулган күндөрүн тартып жатышканын көрүп жатабыз. Менде окуган балдар андай жеңил-желпи темалар менен алектенбейт. Биз түбөлүктүү, актууалдуу темаларга басым жасайбыз.

-Буга чейин сиз кино, маданият тармагындагы коррупцияны катуу айтып, ачыктап келгенсиз. Жылыш, жыйынтык болуп жатабы? Же…

-Өзүң көрүп жатпайсыңбы, өзгөрүү жок. Баары эле баягыдай эле кайталанып жатат. Жоопко тартылган эч ким жок. Тартылса да, бат эле бошонуп кетип жатышат. Канча айттык, жыйынтык жок.  Бийлик, бийликтин башында олтургандар оңолмоюнча, мамлекет оңолбойт. Себеби, алар коррупцияга белчесинен эмес, кокосунан батып алышып, өлкөнү сүлүк курттай соруп жатышпайбы. Же жалганбы? Элестетсеңиз, акыл калчап көрөлүчү. Бизге 120 депутаттын эмне кереги бар. Ашып кетсе, 30-40 депутат жетмек. Ошолор эле мыйзам жазып, кыйратып беришсе болду да. Мынча жайнаган депутат эмне иш кылып жатышат. Көпчүлүгү элге ак кызмат кылайын деп келишпейт, акча жазайын деп келишет. Демократия орносо эле баарыбыздын талабыбызга жооп берет деп түшүнүп келгенбиз да. Көрсө андай эмес экен да. Азыр баардык жерде, баардык дүйнөдө хоус болуп жатат.

Керек болсо Кыргызстанда, улуттук дагы,  мамлекеттик  дагы идеологиябыз жок. Бар деп ким айта алат. Мисалы, союз учурунда  идеология – бул коммунизмди куруу болчу. Бардык тармак, баардык адамдар дал ошол үчүн гана тытынып иштешчү. Азыр ким тытынып иштеп жатат.

Саясатты карайлы, саясатчылар өздөрүнүн партиясы үчүн, чоң кызматка жетүү, байып кетүү  үчүн тытынып жатышпайбы. Башка тармактарда деле ушундай көрүнүштөр көп. Анан уялбай “таза бол, мекенчил бол” –деген абстрактуу сөздөрдү айтабыз, уялбай, өзгөчө элдин ырыскысын жегендер айтышат. Таза бол деген эмне? Мончого барып тазаланып, жуунубу? Азыр ушундай элементардуу түшүнүктөрдү да тескери кабылдап бараткандайбыз. Адам баласы эмнеден коркот? Өлүмдөн гана коркот? Өлүм болбосо, такыр эле “бардак” болуп кетмек да. Ошон үчүн Кыргызстанга өлүм жазасы сөзсүз керек. Мамлекетти саткандар, уурадагандар, айрыкча жаш балдарды зордуктагандар токтосуз өлүм жазасына тартылып турса, ошондо тартип болуп, оңолуу да болмок дейм. Алыс барбайлы, жаныбыздагы Кытай өлүм жазасын киргизип алышып, кандай өнүгүп жатат. Супер державага айланып баратышат…

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here