Чагылган: Киевдин Прокуратурасы 24-апрелде, маркум Ислам Каримовдун тууганы, Өзбекстанда 100 миллион долларды кымырып алган деп изделип жаткан Акбарали Абдуллаевди 21 -апрелде убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыгарды.

Татьяна Каримованын жээни,  33 жаштагы Акбарали Абдуллаев, Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын талабы менен Киевдин аэропортунан украин чекарачылары тарабынан кармалган эле.

 Ташкентте аны 2014-жылдан бери каржылык шылуундук кылган деп айптоодо. Бирок, Абдуллаев, ал жактан  жазасын өтөп чыккандыгын, бул жөн гана саясый оюн экендигин айтууда.

2013-жылы 10-октябрда, Абдуллаев  оор экономикалык кылмыштарга баргандыгы үчүн Каримовдун жеке буйругу менен камалган. Алгач сот аны 15 жылга эркинен ажыратып, кийин ал мөөнөтү 6,5 жылга кыскарган. Ал 2,5 жыл төрмөдө мөөнөтүн өтөп, андан сощ, Каримовдун каза болушу менен кандайдыр жол таап бошоп чыккан.   Абдуллаевдин Украинага баруусун жактоочулары мыйзамдуу деп атап, анын жанында паспорту жана визасы болгондугун айтышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here