Чагылган: Кыргызстандын мектептериндеги 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү кечесин 20-июнда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна боюнча, мектепти аяктоо  жана жалпы орто  билими тууралуу аттестат берүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралар 20-июнь күнү мектептерде өтөт.

Иш-чараларга билим берүү башкармалыктарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана ата-энелер катышат.

Билим берүү башкармалыктары жана мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу, бүтүрүү кечелерине материалдык жана каржылык чыгымдарды чектөө маселеси боюнча ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелер комитетинин төрагалары менен жолугушууларды өткөрүү тапшырылган.

Мыйзамсыз акча чогултууга дисциплинардык төлөтүүдөн тарта мектеп директорун кызматтан алууга чейинки чаралар колдонулат.   Ошондой эле, бүтүрүү кечелерин түндөсү мектептин аймагына, оюн-зоок мекемелерине, кафе-ресторандарга жана жаратылышта өткөрүүгө тыюу салынат. Салтанаттуу иш-чаралар учурунда бүтүрүүчүлөрдүн ден соолугун жана өмүрүнө мектеп директору жана педагогикалык жамаат жеке жоопкер болушат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here