Жалал-Абад шаарынын 7 жаштагы спортчу тургуну Нурмухаммед Ташмаматов Россияга барып, Максим Галкиндин «Лучше всех» теледолбооруна катышып, медаль алып келди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Атасы Асилбек Урмановдун айтымында, баласынын спортко болгон шыгы 3 жашында эле байкалган. Өзгөчө Брюс Линин мушташ ыкмаларын мыкты деңгээлде аткаргандыктан жакында Максим Галкиндин «Лучше всех» теледолбооруна катышып келди.
«Менин балам кичине кезинен эле столго чыгып, кайра түшүп, ар кандай көнүгүүлөрдү аткара берчү. Баламын спортчу болушуна шарт түзүп, үйдө өзүм машыктыра баштадым. Анткени мен дагы жаш кезимде баламдай аябай шок болгом. Бир күнү Алишер Сыдыков деген агайым байкап калып, үйдө машыктыра баштады. Кийин шаардагы каратэ-до боюнча спорт мектебине алып бардым», — деди ал.

https://www.youtube.com/watch?v=zgJ-DFbQrkQ
Асилбек Урманов баласынын жетишкен ар бир кадамдарын интернет булактарына жүктөп турган. Аталган долбоорго катышуусуна, соц тармактардан кокусунан келген шилтеме түрткү болгон. Ата-бала долбоорду шарттарын толугу менен аткарып, катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.
«Мен баламдын видеолорун, «Одноклассники» сайтына жүктөп жүргөм. Бир күнү «Лучше всех» долбоорунун анкетасы келип калыптыр. Кызыгып толтуруп көрдүк. Алардын тапшырмаларын аткарып, Брюс Линин мушташ ыкмаларын аткарып видео кылып жөнөттүк. Алар бизди Москва шаарына чакырышты. Ал жакта 1жума жүрүп, теледолбоорго тартылып, медалга ээ болуп келдик», — деди жаш спортчунун атасы.
https://www.youtube.com/watch?v=Dj-k-EU_gYo

Булак: Турмуш.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here