Бийик такалуу бут кийим дене салмагын алга жүткүнтүп, бармактардын бүгүлгөн учуна жана согончокко ооштуруп, кадам шилтөөнү солгундатат. Бийик такалуу бут кийим кийүүдөн бутту көп кайрып алып, байламталар чоюлуп, кызыл ашык муундарында чыгып кетүү коркунучу жаралат. Сөөккө ашыкча күч келгендиктен, ага туруштук бере албай жылышып кетет.

Мектеп жашындагы жана 10-11 жашка чейинки кыздардын такасынын бийиктиги 2 сантиметрден, 12-14 жашка чейинки секелектердин такасынын бийиктиги 4 сантиметрден ашпоосу туура. Ошентип отуруп 18-19 жаштан кийин гана өтө бийик такаларды кийүүгө ылайык экени адистер тарабынан далилденген. Кичине курактан баштап дароо бийик така кийүү ден соолукка өтө терс таасирин тийгизээри баарыбызга маалым.

Бийик такалуу бут кийим омуртка тутумунун кыйшайышына, жамбаш чарасынын өзгөрүшүнө, ички органдардын жылып кетүүсүнө алып келет. Баскан учурда негизги күч согончокко, буттун бармагынын жана чыпалагынын астына келет. Бийик такада турганда согончок көтөрүлүп калат да, эки чекитке күч келет. Эгер бут кийимдин учу кууш болсо, анда бармактын астындагы чекит гана адамдын салмагын жалгыз өзү көтөрүп тургандыктан манжаларга күч келип түзүлүшүн өзгөртө башташат. Тизе муундарына түшкөн ашыкча күч артрит оорусунун күчөшүнө алып келет.

Автор:Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here