Күндүн ультра кызыл нурлары, чаң, шамал, ысык аба терини кургатып, түлөтүп, теринин картаюусун тездетет, убактысынан эрте бырыштардын түшүшүнө себеп болот. Тери кургап кетпеши үчүн беттеги май бездери күчтөнүп иштеп, болушунча май бөлүп чыгарганга аракет кылат. Бирок чаңдар териге жабышып, беттеги тешикчелерди жаап, ысыктан теридеги микробдор көбөйөт да, сезгенүү жаралат. Андыктан талапка ылайык, бетти өзгөчө карап күтүү маанилүү.

— Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан, эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.

Бетке пилинг жана агартуучу процедураларды жасатпай эле койгон дурус. Себеби, мындай шартта беттин териси жука жана сезгич болуп калат да, күндөн бат күйөт. Ошондой эле беттеги сөөлдү, меңди алдырууга болбойт. Ордуларында күндүн таасиринен кетирүүгө кыйын болгон так калат.

Жагымдуу тери үчүн азыктар

Эгер сиздин териңизде сезгенүү пайда болсо, демек, организмиңизге А витамини жетишпейт. Бул витамин сары жана жашыл жашылчаларда бар. Сабиздин жана жашыл жалбырактуу жашылчалардын курамында кездешкен бета-каротин теридеги клеткаларды жаңылоого жөндөмдүү. А бул болсо жаштыкты узартуу дегендик. Бирок эсиңиздерде болсун, А витамини май менен жакшы сиңет, андыктан, сабизди өсүмдүк майы же сметана менен жегенде натыйжалуу болот. Сабиздин ширесин сыгып ичкиңиз келсе, ага бир аз сливки кошуп коюңуз.

Цитрус өсүмдүктөрү 

Жаштыкты сактоочу витаминдердин бири — С витамини. Бул витамин косметология дүйнөсүндө бекеринен кеңири колдонулбайт. Биз бул витаминди бетке сыйпалуучу кремдердин курамынан таба алабыз. Анткени ал биздин терибиздин жакшы көрүнүшүнө чоң таасирин тийгизет. Бул элементтин синтези жайлап калганда тери былбырай түшөт. Ошондой эле С витамини бузулган клеткаларды калыбына келтирүүчү компонент болуп эсептелинет.
Андыктан апельсин, грейпфрут сыяктуу цитрус жемиштерин белгилүү өлчөмдө такай жеп туруу бетке бырыштын түшүүсүн жайлатат. С витамини айрыкча туздуу ваннаны сүйгөндөргө жана тамеки чеккендерге сунуш кылынат. Алардын организмине бул витамин жетишсиздик кылат.

Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here