Индонезиялык Арди Ризал 2010-жылы эки жашынан тамеки чегип дүйнөдө сенсация жараткан. «Атың чыкпаса — жер өрттө»- демекчи, ал 5 жашына чейин тамеки чегип , акыры жаман адаттан арылууга толук эрки жеткендигин Daily Mail билдирет.

Дүйнөнүн эң кичинекей тамеки тартуучусу, сигареттен баштартканы арыктаганы байкалган. Анын дагы бир жаман адаты боло турган,  Арди тамакты табагы менен эле көмкөрүп, бүкүлү жутуп жиберчү. Эми 9 жашка чыкканда, жаман адаттарынан акырындан арылган бала жакшы окууга бел байлоодо. Аны өзү окуган мектепте «чемпион» деп атап коюшат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here