Чагылган: Кара дүйнөдө” “Саяк” деген каймана аты бар Мурат Кадыркулов боорунан операция болоору тууралуу маалыматты анын жактоочусу Муратбек Супатаев айтып чыкты. Анын боору эхникокоз дартына чалдыкканы айтылат. Кадыркуловдун соту көптөн бери Бишкектин Октябрь райондук сотунда болуп жаткан. Ал куралдуу мыйзамсыз сактаган деп айыпталууда.  Былтыр 6-майда “Туңугуч” кичи районунан өзүнүн “Сабура” үлгүсүндөгү машинеси менен кармалган. Машиненин ичинде кыска кесилген  курал жана граната болгон. Кадыркулов буга чейин кылмыш жообуна 10дон ашуун ирет тартылган. Аны көпчүлүк Камчы Көлбаевдин тобунда деп эсептешет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here