Темир Бирназаров кыргыз киносунда башкаларга окшобогон өз стили менен жакшы таанымал. Ал кинону аз тартат, бирок саз тартат. Көптөгөн режиссёрлорго окшоп, жеңил-желпи темаларга басым жасап, коммерциялык кино тартуу менен алектенбейт. Ал: тагдыр, түбөлүктүүлүк, коомдогу көкүрөктү көзөп жаткан көйгөйлөр, адамзатынын баалуулугу ж.б. ушул сыяктуу темаларды тандап алган. Бир топ жылдан бери да киного кызыккан жаштарды окутуп, өзүнүн багытындагы нукка түшүрүп келатат. Бирназаров аз күн мурун “Учур” театрынын талантуу актёрлору үчүн “Чек ара” деп аталган спектаклге режиссёрлук кылып, аны аталган театр коомчулукка тартуулады. Андан тышкары, “Түнкү кырсык” деген аталыштагы толук метраждуу кино тартып бүтүп, дагы бир  автордук жаңы тасманы баштаганы турат. Темир мырза менен мына ушул чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктар, кыргыз маданиятынын, деги эле кыргыз мамлекетиндеги айрым көйгөйлөр тууралуу кенен баарлаштык.

Темир мырза, алгач “Чек ара” спектакли тууралуу кенирээк айтып берсеңиз?

-2-3 жылдан бери  “Учур” театрынын директору Шейшенов Шаршенбек “бирге иштешели, спектакль коёлу” –деп сунуш кылып жүргөн. Ошондон бери убакыт-сааты чыкпай жүрдү. Анын үстүндө ылайыктуу чыгарма табылбай жатты.  Чынында бизде азыр драматургдар жокко эсе. Коомдун көйгөйүн көпчүлүк жазмакерлер чагылдырбай жатышат. Режиссёрубуз дегендердин көбү эле баягы эле эски, ашмалтайы чыккан батыш мамлекеттеринин спектаклдерине коюуга басым жасап жатышат.

Кээ бирлери: “Мен Шекспирдин чыгармасын койсом, мен ошонун чыгармасынан роль аткарсам кыйын болуп, гениалдуу режиссёр, гениалдуу актёр болуп кетем” –деп ойлошот окшойт. Андай эмес. Шекспирди Англиянын өзүндө деле аз коюп калды. Анын чыгармаларында ошол учурдагы, ошол кылымдагы көйгөйлөр чагылдырган да. Мен бир чети өзүмдүн кесиптештеримди сындап койдум. Себеби, ойлонсун, чыгармачылык толгонууда болсун дегеним. Бирок түшүнөм, алардын шартын. Анткени, башында айткандай драматургдар жок. Драматургдарды өстүрө турган – бул театр. Театрга эле келбейт деп кейий беришет. Албетте, театрда жакшы чыгарма коюлбаса келбейт да. Ошон үчүн бул көйгөйдү чечүүдө эриш-аркак иштешибиз керек.

«Чек ара» спектакили…

Азыркы өзүбүздүн көйгөйдү ким чагылдырат? Мына биз чагылдырышыбыз керек. Бекеринен: “Театр коомдун күзгүсү”- деп айтылбайт да. Биздеги акыркы 20 жылдан бери чечилбей, улам барган сайын күчөп, чиеленишип калган көйгөйдүн бири- бул чек ара маселеси. Мына ушул багытта менин өзүмдүн идеям бар эле. Анан “Учур” театрынын балдары менен ал идеяны бышырып, жазып, коомчулукка алып чыктык. Бизде Өзбекстан менен, Тажикстан менен чек ара маселебиз чечилбей, канча жылдан бери ызы-чуу менен келатабыз. Бул “Чек ара” спектаклинде бир гана коңшу мамлекеттер ортосундагы чек ара маселеси эле чагылдырылган жок, биз буга Улуу Ата Мекендик согуш  темасын да коштук. Анткени, Орусия акыркы жылдары амбиция менен “согушту биз эле жеңдик” дегендей кылып пропаганда кылып келишет. Анда, согушка чоң салым кошкон, жеңишке себепкер болгон союздун курамындагы башка өлкөлөр кайда калат?!

Биздин канчалаган ата-баларыбыздын каны, үлүшүн кантип жокко чыгарабыз? Орус элинин мындай кылганы түп тамырынан бери туура эмес. Украинанын ЖМКсы “согушта орус жоокерлери жалпы жоокерлердин 30 гана пайызын түзгөн”-деп жазып жүрүшөт. Орустар негизи эле өзүмчүл, улутчул болушат. Бул жагын тарыхтан деле көрүп жүрбөйбүзбү. Мисалы, согушка чейин эле биздин канча деген кыйын аталарыбыз репрессиядан кырылып калбадыбы. Орто Азияда Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан ж.б. болуп килейген, зор Түркстан мамлекетин курабыз деп аракет кылышкан казактардын “Алаш, кыргыздардын “Туран” партияларына катуу сокку болду да. Эгер ошондой зор мамлекет куралганда бизге деле жакшы болмок. Аскери да бир болмок. Эч ким тийише албайт болчу. Дүйнөдөгү эң чоң державаларынын бири болмок. Ал эми башка өзүн кыйын, чоң деп эсептешкен мамлекеттерге мындай державанын курулушунун кереги жок болчу. Ошон үчүн алар бири-бирибиз менен чабыштырып келишкен. Азыркы чейин деле чабыштырып келе жатышпайбы. “Чек ара” спектаклинде ушул тема да козголду. Ошондой эле бул чыгармада ошол согушка катышкан кыргыз  чал менен тажик чалдын образы бар. Экөө согушта бирге болушкан. Кийин неберелерин жетелеп келип, бирөөсү чек аранын нары жагынан, бирөөсү бери жагынан көрүшүп, өткөндү эстеп, сыр төгүшөт.  Алардын бири-бири менен болгон мамилеси. Элестет, аялы чек аранын бери жагында, күйөөсү нары жагында калган. Ушундай болобу? Канчалык деңгээлде бизге чек ара керек деген кепти козгодук.

-Демек, чек ара маселесин курч, ачык эле чагылдырган турбайсыздарбы?

-Ооба, ошого аракет кылдык.  Мен эми бул чыгарманын баарын айта бербейин. Каалоочулар  “Учур” театрына барып көрүшөр. Көргөндөр жактырып, жылуу пикирлерин билдирип жатышат. Бир жаман жери “Учур” театрынын имаратынын абалы, шарты мышык ыйларлык. Ошондон да улам көрүүчүлөр көп барбайбы, билбейм. Мамлекет “Учурга” жардам бериши керек. Ансыз деле миллиондогон каражаттар максатсыз кетип жатат, сол чөнтөккө солонуп жатпайбы. Ошол акчалардын бир бөлүгүн эле театрларга буруп койсо, эң сонун болмок.  “Учур” театры эми бул чыгарма менен эл кыдырып, гастролдойбуз деп турат. Балким, эл аралык фестивалдарга катышабы, ал жагын да байкашат да. Бирок бул чыгармада биздин чек ара көйгөйүбүз курчураак чагылдырылып калды. Ушундан улам, фестивалдарга катышуу болобу, болбойбу, ал жагын өздөрү байкашат го.

-Жакында эле жаңы кино тартып бүттүңүз. Ал кино тууралуу да сүйлөшөлү…

«Түнкү кырсык» киносунан…

— Биринчи аталышы “Буюк” болчу, азыр акыркы аталышы “Түнкү кырсык”. “Кыргыз фильм” киностудиясы бул кинону раматылык Талип Ибрагимовдун чыгармаларынын негизинде планга киргизип, акча бөлүп коюшкан экен. Негизи бул кинону Талип байкебиз көзү тирүүсүндө мага “тарт” деп сунуштаганда, мен сценарийин окуп чыгып, жактырбай, баш тарткам. Ал киши; “ Бузбай тарт” деген талап койгон. Көп өтпөй байкебиз ооруп, каза таап калгандан кийин, кино департаментинин жетекчилиги мага кайрылып, “арбагы ыраазы болсун, тартып бер” –деп калышты. Ушундан улам да баш тарта алган жокмун. Себеби, Талип байкебиздин кыргыз киносуна, кыргыз маданиятына, адабиятына кошкон салымы чоң. Биз аны унутпашыбыз керек. Улам, эстеп, даңазалап турууга милдеттүүбүз. Андыктан, мен өзү Талип байкенин чыгармаларынын негизинде бул сценарийди оңдоп, бир аз өзгөртүп, анан тарттык. Кудай буйруса, монтаждалып да бүттү. Эми май айында “Кыргыз фильм” киностудиясы бул кинону элге тартуулап баштайт.

«Түнкү кырсыкты» тарткан чыгармачыл топ…

Кинонун тематикасы кандай, өзөгү кандай?

-Бул кинодо укмуш актуалдуу тема деп айта албайм да. Талип байкенин көтөрүп чыккан темасы. Негизинен эки кишинин сүйүүсү. Карыган адам менен жаш дудук кыздын мамилеси.  Мен бул чыгармадагы Талип байкенин көз карашын бир аз оңдоп, азыркы заманга кичине ылайыкташтырганга аракет кылдым. Талип байкенин бир эмес, бир нече чыгармасынан тандап, чогултуп жаздык. Коомчулук кандай кабыл алат, аны убакыт көрсөтөт. Башкы ролду Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков, кыздын ролун Дина Жакыпова деген кызыбыз ойноду. Музыкасын Асылбек Өзүбеков жазып берди.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here