Чагылган: Тажикстандын коррупцияга каршы агенттигинин мурунку башчысын Кыргызстан менен чектешкен жерден кармашты. Анын өлкөнү таштап Кыргызстанга кире качуу ниети болгондугун Asia-Plus агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Дүйшөнбү шаарында коррупцияга каршы уюшкан -инспекторлук башкармалыктын башчысы Жамолиддин Мухамадзоданы да кармашкан. Ал бул кызматка 2016-жылдын декабрында келген.
Андан көп өтпөй, агенттиктин мурунку тергөөчүсү Фирдавс Ниезбадалов кармалды.
Кабарлангандай, бардыгы болуп Коррупцияга каршы агенттиктин 17 кызматкерин кармап, алардын дагы бир кызматкери — Умед Камоловго издөө жарыяланды.