Чагылган: Японияда Жаратылыш кырсыгынан  кийин кайра калыбына келтирүү иштери боюнча министр Масахиро Имамура туура эмес сүйлөп алганы үчүн кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Банкетте ичип алган министр, 2011-жылы цунамиден жабыр тарткандардын дарегине карата бир нече ашыкча сөздөрдү айткан. Ал, аталган цунаминин чыгымы 227 миллиард долларды түзгөнүн жана цунами  Тохоку районунда болгону жакшы болгондугун, болбосо борборго жакын райондо болсо, мындан да көп чыгым кетмек экендигин билдирген.

Коомчулукта бул сөз талкууга алынып, 20 миң адам каза тапкан жаратылыш кырсыгы болгон жердин жашоочуларына болгон оройлук катары кабылданган. Ал үчүн премьер-министр Синдзо Абе кечирим сураган.

Имамуро журналисттер менен болгон пресс-конференцияда, убактылуу көчүрүлгөн Фукусимонун жашоочуларынын качан өз үйлөрүнө кайтаары туурасындагы суроо берген журналисттер менен ызылдашып кеткен. Мында да министр Абэ абалды жөнгө салууга жетишкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here