Чагылган: Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун бийлиги 200дөн ашык мусулман аттарына тизме түзүп, тыюу салды. Бул тууралуу New York Times гезити жазып чыкты. Тизменин ичинде ислам дини менен байланышкан: Муджахид, Ислам, Коран, Мекка, Джихад, Имам, Саддам, Хадж жана Медина өңдүү аттар кирет.

Radio Free Asia  билдиргенине караганда, мындай тыюу 2015-жылы Хотан аймагында (облустун түштүгүндө) жайылган жана эми бардык аймакка киргизилди.

Үрүмчү шаардык полициялык участкассына байланышканда кызматкер, мусулман аттары коюлган балдарга медициналык жардам көрсөтүлбөйт жана билим алуу укугунан ажырайт. Эң  негизгиси ал аттарда диний согушка  жана ыдыроо чакырган маани жатпашы керек.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here