«Альаалям» агенттигинин маалыматына ылайык, Йеменде ар бир он мүнөттө беш жашка чейинки бирден наристелер көз жумууда. Мындай статистиканы БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы жарыялады. «Йеменде эң ири гуманитардык кризис өкүм сүрүүдө. Мамлекеттин үчтөн экиси же 19 млн. калк коргоого жана гуманитардык жардамга муктаж»,- деп айтылат баяндамада. Йеменде 10 млн. адам өтө начар абалда, 8 млн. адам иче турган таза суусу жок жерлерде күн кечирүүдө. Мындай шартта эң көп беш жашка чейинки наристелер көз жумууда.

Булак: «Эркин Тоо»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here