«Ачарчылык жылдары 100 миңден ашуун этникалык казактарды сактап калганы үчүн жалпы казак элинин атынан кыргыз элине ыраазычылык билдиргим келет», — деп билдирди тарых илимдеринин доктору, профессор, «Казакстан элинин ынтымагы» коомдук фондунун директору Зиярбек Кабульдинов советтик модернизация эпохасындагы саясый репрессиялардын курмандыктарынын 80 жылдыгына арналган «Келечектин атынан тарыхый эстелик» эл аралык тегерек столдун жүрүшүндө.

Бул иш-чара өткөн ишемби күнү, 22-апрелде Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү.

Тарыхчы Зиярбек Кабульдинов массалык саясый репрессия Казакстанда 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткенин белгиледи.

“Казакстандагы массалык ачкачылык маалында этностук калктын 42 миңден 70 миңге чейин, ал эми бөлөк улуттардан 200 миңден ашуу адам кырылган. Учурдан пайдаланып жалпы казак элинин атынан оор учурда 100 миңдеген этникалык казакты бооруна батырган кыргыз элине ыраазычылык билдирем. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик ишмер, окумуштуу, коомдук ишмер катары калыптанышты. Ошондуктан, казак эли муну дайыма эстеп турушат”, — деди профессор.

Зиярбек Кабульдиновдун сөзүнө караганда, Казакстандагы 9-класстын окуу китептерине өткөн кылымдын 30-жылдарында улуу ачкачылыкка кабылган казак элин сактап калууга салымын кошкон кыргыз эли тууралуу өзүнчө параграф же абзац кошуу демилгеленүүдө.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here