Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, ага өз байлыктары кайсы булактардан келгенин аныктаган документтерди көрсөткөн. Ошондой эле президент Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, чоң саясатта жүргөндөр кантип байлык топтогонун ачыкка чыгарышы керектигин билдирген эле. Президенттин мындай чечкиндүү кадамын башка саясатчылар үлгү кылып улантуу зарылдыгын эксперттер белгилешүүдө.

Өлкө башчысынын бийликке келгенге чейин эле бай адам болгонун көпчүлүк санаалаштары, саясатта бирге жүргөн достору тастыктап келет. Акаев, Бакиев доорунда Атамбаев оппозициядагы негизги жүктү көтөрүп жүргөнүн коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Мен кыргызмын” аталыштагы үч томдук китебине жазганы жалпыга маалым. Азимбек мырза Атамбаевден акча сурай бергенден уялганын да мисал келтирген. “Ал (Алмазбек Атамбаев) негизги жүктү көтөрүп жүргөн. 2010-жылдын башында БЭКтин моралдык, материалдык жактан да абалы оор эле. Бизди бири-бирибизге болгон ишенич, ортобуздагы ынтымак, Бакиевдик бийликке болгон саясый күрөш гана бириктирип турду. Материалдык жактан кыйналып жатканыбызды көргөн белгилүү укук коргоочу Р.Дырылдаев минип жүргөн «Форд» автомашинасын мингиле, же сатып керегиңерге жараткыла деп берди. Бизге негизинен жумшалуучу каражаттар – гезит чыгаруу үчүн, сот процесстерине баруу үчүн, жер-жерлерде болуп жаткан нааразычылык акцияларына барып катышуу үчүн, барактарды чыгаруу үчүн керектелчү. Шайлоодон кийин мындай чыгымдарга каражатты бир гана Атамбаевден сурай бергенден уялып токтоткон элек. Алайда Исаковдун колдоочулары, Нарында бийликтин саясатына каршы митинг, жол тосуулар болуп жаткан. Бир жолу Исаков экөөбүз уялбай эле «Ак кеменин» президенти Р.Сарымсаковдон карызга тыйын сурадык. Күрөөгө Дырылдаев берген автомашинаны ал дедик. Ал тилекке каршы бизге тыйын бербеди”, — деп жазат ал китебинде.

Азимбек Анаркулович ушул эле китептин 256-бетинде Балыкчы, Петровка  окуяларында Атамбаев жол чыгымдарын көтөрүп жүргөнүн ачык жазган. “Балыкчыда шайлоо күнү — 23- июлда камакка алынган Атамбаевдин 18 колдоочуларынын кызыкчылыгын коргоо үчүн БЭКтен адвокат катары ошол убакта С. Жайчыбеков, Т.Тургуналиев, Г. Скрипкина жана мен болуп Балыкчы шаардык сотунун ишине катышып жүрдүк. Чындыгында ал күндөрү мага, баарыбызга эле оор болуп жатты. Кээде жок дегенде машинага май куйганга да каражат жок болуп калып , ар кимден сурап май куйдуруп, баарыбыз бир машинага чогулуп түшүп алып, бирде Петровкага, бирде Балыкчыга барып, бирде Исаковдун сотунда жүрдүк. Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, ошондо бизге корогон жол чыгымдарын Атамбаев көтөрүп жүрдү. Ал өзү да кээде сот процесстерине биз менен чогуу катышып жатты. Айрыкча Балыкчыда соттолуп жаткан 18 адамдын үйлөрүнө, отун-суусуна чейин жардам берип жүргөнүн билем. Чындыкты айта жүрүү абзел”, — деп жазылат анда.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here