Чагылган: Казакстанда «Хоргос» Эларалык чекаралык кызматкерлер борборунун мурунку президенти  Василий Ни, мурда 1 миллион доллар пара алып жаткан жеринен кармалгандыгына карабай кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Мындай маалыматты Tengrinews.kz. басылмасы билдирет.

Алматы шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча төрагасы Бахытжан Карамановдун айтуусунда,  кылмыш жоопкерчилигинен, инвесторлор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы пара алууга ортомчу болгон деп күнөөлөнгөн Махаббат Сайдуллаева да бошотулган.  «Прокурордун ходатайствосуна ылайык, алар толук күнөөнү мойнуна алышты жана Сайдуллаеванын жаш баласы болгондугу эске алынып, РКнын  ККнин 65-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, жоопкерчиликтен кутулушту» — деп айткан ал.

Эске салсак, 2016-жылы жайында Василий Ни  мейманкана комплексин курууга жарыяланган инвестрлик коңкурста жеңгени үчүн «Тюльпан Хоргостун» өкүлүнөн 1 миллион доллар мыйзамсыз акча талап кылган. Бул ишке ортомчулук кылууга Сайдуллаеваны түрткөн. Ушул эле жылдын 5-сентябрында  аталгандар пара алып жаткан жеринен колго түшүшкөн, андан кийин Василий Ни эки айга камалганы айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here