Чагылган: Борбордук жылуулук менен камсыздоо системасынан  (центрального теплоснабжения) Өзбекстан бара-бара баш тартат. Өзбек Президенти Шавхат Мирзиёевдин  «2018-2020 — жылдар  аралыгындагы жылуулук системасын өнүктүрүү программасы» буйругуна ылайык,  үйлөр борбордук системанын ордуна, энергоэффективдүү локалдык котельдор менен же жеке квартира аралык жылуулук камсыздоо системасы менен жылытылаары белгилүү болду.

Буйрукка ылайык, мындан ары  Борбордук жылуулукка кошулган көп кабаттуу үйлөр же администрациялык имараттар курулбайт. Алар энергоэффективдүү локалдык котельдор менен же жеке квартира аралык жылуулук камсыздоо системасы менен жылытылышы керек. Локалдык котелдор менен жабдуу  —  курууну мойнуна алган уюмдардын, Турак-жай коммуналдык тейлөө министрлигинин алдындагы Фонддун жеке каражаты менен курулат. Ал эми жекече квартира аралык жылуулук
камсыздоо системасы менчик ээлеринин жана коммерциялык банктардагы жеңилдетилген насыялардын эсебинен курулат.

Мындай системага өтүү иштери 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кире баштайт. 2023-жылдын 1-январына чейин, Өзбекстанда жеңил өнөр — жайларынан бажылык төлөм алынып салынат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here