Чагылган: Нариман Түлеев өткөн жумадан бери “Сапаткомдун” имаратын мамлекеттин эсебине  өткөрбөөнүн амалын көрүп, ар кандай кадамга баруу экенин жар салып бүтпөй келет. Ал алгач ачкачылыкка барууга даяр экенин жар салган болчу. Эми ал оюнан баш тартканбы, айтор адамдын акылына сыйбас бир кызык кеп айтыптыр. Ал “Сапаткомду” мамлекетке өткөрүү боюнча эч кандай соттун чечими жок деп көгөрүп жатат. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен Мамлекеттик мүлк кызматы бул маселе боюнча чечим бар экенин бир эмес, бир нече ирет айтып келет.

Түлеев болсо: “Соттун чечими болсо мен Нариман Түлеев болбой калайын. Үй-бүлөмдү, керек болсо көрдө жаткан ата-энемдин сөөгүн казып алып, мамлекеттен чыгып кетейин”  –деп бакылдаптыр. “Сапатком” имараты үчүн көрдө жаткан ата-энесинин сөөгүн казып жатканын элестетип көрүңүз. Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында деген кеп бар. Сөздүн да ыгы бар.

Айтат десе эле, аша чаап айта берүнүн канчалык кажети бар? Өлгөндөр үчүн “Сапатком” бир сокур тыйынга да арызбайт. Ал Түлеевге баа жеткис байлык болсо, маркумдарга анын эмне кереги бар? Кызык, Түлеев ата-энесинин сөөгүн, үй-бүлөсүн алып алып каякка кетет? Калмакия республикасынабы? Же Акаев мекендеген Москвага, балким Бакиевдин өлкөсү Белорусияга кетип жүрбөсүн? Ал эми  “Сапаткомду” мамлекетке өткөрүүдө кандай алешемдиктерге жол берилип жатат. Бул жагын да жакшылап тактоо керек. Түлеевдин бул маегин төмөндөгү шилтеме боюнча көрө аласыздар.

https://www.youtube.com/watch?v=qG8SMzy_ic0

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here