Тажикстанда «кардарлардын аманатка сактаган 115 миң доллар акчасына ээлик кылып алган микродепозиттик «Имон Интернешнл» уюмунун кызматкери кармалды. Согди облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Хамроз Ёкубов кардарлардын акчаларын баланска киргизбей, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келген. Каттоого алынбаган кардарлар аманат акчаларын ала албай коргоо органдарына кайрылган. Деваштич районунун жашоочусу Саидкул Муртазоев Орусиядан иштеп таап келген 450 миң рубль өлчөмүндөгү акчасын Ёкубовго берген. Бирок каражатын кайтарып алган эмес.
Райондун башка бир жашоочусу Иди Сабуров Ёкубовго аманат иретинде 600 миң рубль бергенин ырастоодо. Бирок баласын үйлөнтүү үчүн акчасын алууга келип, алданып калганын билген. Айыпталуучу сурак учурунда Хамроз Ёкубов жасалма келишимдерди түзүп, аманатчыларга ири үстөк пайыздарды убада кылганын айткан. «Имон Интернешнл» уюму мындан ары ачык-айкын иш алып барууну убадалоодо.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here