Чагылган: Көмүскө экономиканын көлөмү Кыргызстанда 50%ды чапчып, ал 250 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров, парламенттик отурумда билдирди. Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитети бул көрсөткүчтү 23 % деп баалоодо. Ал эми эларалык уюмдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономика 50% түзөт.
«Анда, ушу тапта көмүскө бизнес 250 миллиард сомдун товарын өндүрүп жатат да, мамлекеттин бюджети 70 милиард сом салыктан куржалак калууда», -деп айтты ал.
Акылбек Жапаров, ушул багытта кандай иштер аткарылып жаткандыгына кызыкты. Бул суроого, вице-премьер-министр Олег Панкратов, өкмөт көмүскө бизнести азайтууга чара колдоноорун билдирди.

«Бизнести накталай эмес төлөмгө өткөрүү боюнча комиссия иштеп жатат. Аймактарда, банкоматтар жана POS-терминалдардын жетишсизидигине байланыштуу накталай эмес төлөмгө өткөрүүдө көйгөйлөр жаралды. Учурда жабдыктар ташылууда. 2016- жылы 380 банкомат жана 2,9 миң POS-терминал ташылган. Бюджеттегилердин бардыгы накталай эмес төлөмгө өтүштү. Биз «Элкарт» картасы менен улуттук төлөм системасына кирүүгө аракет кылуудабыз», — деп айтты ал