Чагылган: Казакстандын Мангитау облусунун тургундары, эки жол тандабас менен аңчылыкка барган казак жарандары кадимки карышкырдын сары изине түшүп, жарыша жетип барышкан тасма интернетке тарады.

Тасмада, биринчи унаа карышкырга жете барганда, арткыдан «бастыр,бастыр» деп кыйкырып жатышты. Алдыңкы жол тандабас карышкырды бир жолу тебелетип өттү эле ошондо да тура калып качкан карышкыр көпкө узаган жок, экинчи жолу да тебелеткенде чала жан болуп  жатып калды.

Казак республикасынын мыйзамына ылайык жандыкка мыкаачылык менен мамиле жасагандарга ККнин 316-беренеси каралган. Бизде болсо каршкырды жок кылгандарга тыюу салынбайт. Ал тургай акчалай да сыйлык бар.

https://www.youtube.com/watch?v=QgyiRj5f6vg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here