Чагылган: Бишкек шаардык жерге орноштуруу, жер тилкелерин сатууну каттоого алуу Башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Шаардык прокуратурадан билдиргендей, жер тилкелерин сатууну каттоого алуу Башкармалыгынын  жетекчилери, Дагестан жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  жер тилкелерин жеке менчик ээлерине мыйзам тарабынан курулуш жасоого тыюу салынганын билип туруп, жер боюнча мыйзамдулукту бузуп, кайрадан сатып-алуу келишимин түзүп, аталган жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкен.

Мамлекеттик архитектура агенттигинин алдындагы шаар куруу жана архитектура Мамлекеттик долбоорлоо институтунун маалыматына караганда, Бишкектин генпланы боюнча, Айни- Дагестан-Муромский көчөлөрүнүн кесилиши шаар жашылдандыруунун карамагында.

Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, жалпы колдонууга берилген жер тилкелери жеке менчикке берилбейт. Жок дегенде, 5 жылдык мөөнөт менен гана колдонууга берилиши мүмкүн.

Жыйынтыгында, мамлекеттин кызыкчылыгына 12 млн. 190 миң 938 сом залал келтирген. Аталган иш боюнча Ленин райондук прокуратурасы ККнин 304-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here