Чагылган: Фейсбук колдонуучусу Наргиза Орункулова өз баракчасына: «Биздин талантту, белгилүү байкебиз Бек Борбиев кайрадан үйлөнүптүр. Жубайы -Айсулуу Бектурова 24 жашта. Чын жүрөктөн куттуктайбыз, өмүр бою колдору үзүлбөй жүрсүн!” –деген билдирүү жазган. Бул жаңылык чын экени же жалган экени белгисиз. Айтор, ар ким ар кандай божомолдоп, кызуу талкууга алып башташты.  Бирок Бек Борбиевдин жаш жубайы делген кыз менен бирге түшкөн сүрөтү турат. Эске сала кетсек, Бек мырзаны буга чейин эле үйлөндү деп жазышып, ал тургай ал жаш жубайы менен бир катар ырчылар болуп чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялашкан болчу. Ал эми ырчы бул тууралуу азырынча өзү тасытктап, айтып чыга элек. Биринчи жубайы Фарида менен ажыраштыбы, же жаш токолун анын үстүнө алдыбы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here