Чагылган: Маалым болгондой, элибиздин сыймыктуу уулу, айтылуу Аскар Салымбековдун жубайы 61 жаштагы Г. Мамбеталиева узак убакытка созулган оорудан кийин түндө каза болгон. Ал «Дордой» ассоциациясынын вице-президент кызматын аткарып турган. Сөөгү Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 27-апрелде жерге берилмекчи. Аскар агабызга көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Гүлмира эжебиздин жаткан жери жайлуу, топургаы торко болсун! Маркум Гүлмира эжебиздин  басып өткөн жолу тууралуу маалыматка төмөндө көңүлүңүздөрүдү бурабыз.

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева 1956-жылы 29-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте журналисттин үй-бүлөсүндө туулган. Кыргызстандын Нарын шаарында орто мектепти аяктаган.

1977-ж. КМУнун тарых факультетин аяктаган. 1986-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин улук илимий кызматкери, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун окутуучусу, Кыргыз айыл-чарба институтунун ага окутуучусу болуп иштеген.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун илимий жана улуу илимий кызматкер болгон. Нарын мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген.

2008–жылдан Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Дипломатиялык Академиянын профессору. 2017-жылы 25-апрелдин таңында узакка созулган оорунун айынан дүйнөдөн кайтты.

Өмүрлүк жолдошу – белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Аскар Салымбеков. Алардын тун уулу Улукбек – ишкер, Кубатбек — студент. Гүлмиранын атасы – белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев.

Гүлмиранын аталаш эжеси – кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиева (ал Сулаймандын карындашы болгон).

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы

Негизги илимий эмгектери эл аралык мамилелердин жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган. 60тан ашык илимий эмгеги бар, анын ичинде 2 монография: «Феномен оптимизации в контексте глобализации» (2007); «Содружество наций как фактор политических процессов в странах-участницах: азиатское измерение» (2008) жарыялаган.

Бир катар кыргызстандык университеттерде дарс окуган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here