Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматов:

-Өткөндө транспорт министринин орун басары, комиссиянын мүчөсү болгон айым камсыздандыруу компаниясы ошол учакка ээлик кылган компанияга 36 миллион доллар төлөп берди деп расмий түрдө айткан. Алар которула турган акчанын экинчи бөлүгүн күтүп жатканын билдирди. Ошондо дагы 20-30 миллион доллар алат. Жалпы 70 миллионго чейин алганы жатат.
Ал эми ал компания Кыргыз тарапты жоошутуп, тил эмизип туруу үчүн 600 миӊ доллар берген.

Анан өкмөткө «силер менен тынчтык келишимин түзөлү, бизге доомат койбогула» деп жатышат. Комиссия мүчөсү «биз акылдашып жатабыз, тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» деп расмий түрдө айтты. Биз айттык, бул элге болгон чыккынчылык болорун, эч качан тынчтык келишимине барбоо керектигин айтканбыз.

Алар 36 миллион доллар алса, жок дегенде 10 миллион долларын алып элге бергиле дедик. Керек болсо алар менен соттошуп бурчка такаш керек. Алар ошол соттон корккону үчүн бизди алдап жатат — деп маселени кабыргасынан койду.  Эң туура. Жарактан чыгып, күйүп кеткен учак үчүн 70 млн. доллар төлөнүп жатса, биздин кыргыз бийлиги шейит кеткен ондогон адамдардын куну үчүн тиешелүү акчаны эмгиче толук ала албай жатат. Ал аз келгенсип жабыр тарткандар үчүн элден чогулган миллиондор эмгиче таратып бере элек. Же эмне акчаны айланып бизнес жасап жатышабы?

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here