Байыркы кыл тамырды төп кармай билген ата-бабаларыбыз тамыр кармоо аркылуу пенденин дартын билип, анын табын ысык-суукка бөлүү менен дарылап, айыктырып келген. Дегеле, бул тамыр кармоо усулу-тээ көөнө өтүмүштөн элдик медицинанын негизги өзөгү. Ата-бабалардын асыл өнөрүн өркүндөтүп, Теңир-Тоонун миң түркүн дары чөптөрүнүн терең сырын ачып, аларды Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүнөн иликтеген элдик дабагер-дарычы Чомо уулу Дүйшөнбектин «Табыпчылык — улуу сыр» аттуу китебинен алынган дары чөптөр тууралуу баяндап берели.

Балтыркан текей  (Рапотникум сафлоровидный)

Элдик медицинада жана жалпы традициялык медицина оорулууну дарылоодо алдын алуу максатында колдонулуучу дары өсүмдүктөр, алардын дарылык касиети составында алколоиддер, гликозиддер, витаминдер ж.б. заттардын болуусуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында, тамырында же кабыгында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн дарылыкка керектүү гана бөлүгүн жыйнап алуу керек. Ушундай пайдалуу касиетке ээ болгон өсүмдүктөрдүн бири — балтыркан текей. Ал көп жылдык жапайы өсүмдүк, жерге жакын өсүп, бою 15-20 см.ге жетет. Жалбырагы тикендүү, дары катары тамыры жана уругу колдонулат. Дарылык касиети: ар бир органдын нерв системаларынын иштөөсүнө, дененин алсыздыгын калыптандырууга, урук тукумдуулугун жогорулатууга, өнөкөт аракечтикти калтыруу үчүн колдонулат.

Даярдоо ыкмасы жана колдонулушу: «Текейди жеген оорубайт» деген улуулардын сөзү бар. Сүт кезинде текейдин тамырынан 100 гр. казып алып, 40 пайыздуу 500 гр. таза спиртке, 25гр. таза бал кошуп, эки жума караңгы, муздак жайга сактап коёт. Эртең менен ачкарын 25 гр.дан түгөнгүчө ичилет. Бул жалпы организмди калыбына келтирүүгө жардам берет.

Эгер текейди сүт кезинде казып алып, айранга туурап жесе токсон алты түрдүү ооруга таасирин тийгизип, жагымдуу келет. Уругу бышып, тамыры каткан кезде топтоп кургатып алып, ун сымал кылып талкалайт. Бир чай кашык унун 200 гр. кайнак сууга салып, 30 мүнөт демдейт. Бул даярдалган тундурманы ичсе алсыроону калыбына келтирип, адамга күч-кубат берет.

Кереч тамыры (Фенхель обыкновенный)

Бул көп жылдык жапайы өсүмдүктүн дары катары тамыры жана уругу колдонулат. Ал негизинен суулуу өрөөндөрдө өсүп, жыты алыстан аңкып, бою эки метрге чейин жетет. Түтүкчө сабактуу келип, данынан таттуу маңыз чыгат. Ал эми тамыры буралып, кара күрөң түстүү болот. Август, сентябрь айларында тамыры жана даны алынат. Дарылык касиети: тамыры жогору кан басымына, нерв органдарына, ашказан, жоон ичегилер жана башка суук тийгенге, денеден тер чыгарууга жана уйку безине пайдаланылат. Уругу бронхага жана алсырагандыкты калыбына келтирүүгө колдонулат.

Даярдоо ыкмасы жана колдонулушу: 700 гр. сууга, 15 гр. кереч чөбүнүн тамырын салып, 15 мүнөт кайнатат. Чоңдор үчүн 200 гр., жаш балдар үчүн 50-100 гр.дан 7-9 күн ичилет. Ал эми уругун кургатып ун сыяктуу абалга келтирүү керек. Тамак ичилгенден кийин үч маал түтүкчө менен оозду чоң ачып туруп тамактын түбүнө карай үйлөсө, бронха, астма жана башка тамак ооруларын айыктырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here