Кыргызстанда 1-апрелге карата Улуу Ата Мекендик согуштун  647 эле ардагер калганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минитсрлиги жар салды. Алардын ичинен майыптары 176,  концлагерди туткунда болгондор 25, Ленинград блокадасына катышкандар 28 экен. Ал эми эмгектин ардагерлеринен 3164. Ардагерлер 2010-жылдан бери акчалай компенсация катары 7000 сом алып келишет. Тылдын ардагерлери болгону 2000 сом алышат. Ал эми Ленинград блокадасына катышкандар, туткунда калгандарга 2010-жылдан бери 1000 миң сом төлөнүп келет. Быйыл бийлик арадагерлерибизге кандай белек берип кубантары белгисиз. Ал эми Өзбек президенти ар бир ардагерге 500 доллар жана өкмөт эсебинен ажылакка алып барып келүүнү убада кылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here