Акыркы кезде Кыргызстанда автоунаа кырсыгынан мүрт кеткендер өтө көбөйдү. Статистикалык эсепте дүйнөдө алдыңкы орунга чыктык окшойт. Жыл сайын коомчулукта жол кырсыктарын алдын-алуу алуу боюнча чуу көтөрүлөт. Ал Парламентке жетет. Ал жердеги ыңгыранма эл өкүлдөрү Өкмөттү чакырымыш этип отчет алат. Өкмөт же ар бир келген премьер-министр, ИИМ министри баягы айтыла берип, жазыла берип көгөрүп бүткөн «Коопсуз шаар» бапкесин жая салышат. А бюджетте «Коопсуз шаарга» бөлүнө турчу акча жок. Кызыкчылык да жок. Себеби, «Коопсуз шаар» ишке кирсе, ар кайсы коңулга жашынып шабашке тапкан МАИлердин жоонтобу ишсиз калат. Андан да жаманы алардан келе турган сол чөнтөктү толтурчу акчалар кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирбей калат.

Жылыга ушул көйгөй. «Коопсуз шаар» көйгөйү. Башында бул долбоор 112 млн долларга эсептелген. Жаңылбасам Бабановдун өкмөтүнүн учурунда. Кийин 80 млн долларга түштү. Бир сапар Жогорку Кеңеште бул маселе көтөрүлгөндө андагы ИИМ министри Мелис Турганбаев, «Коопсуз шаар» долбоорун 17 млн долларга гана ишке киргизсе болорун айткан.
Чынында бул долбоор иштеп баштаса Бишкек шаарында бардык жолчырак-светофор турган көчөлөрдө фото жана видео фиксация кылуучу видеокөзөмөл-видеокамералар орнотулмак.

Атайы сайт ачылып, ал жерге жол эрежесин бузгандар фотофиксациясы менен чыгарылып турмак. Эгерде автоунааны каттоо арзандатылып, башкы доверенность менен айдоого тыюу салынса, жол эрежесин бузгандарды табуу кыйынчылык жаратмак эмес.


Негизи бизде «Мамлекеттин мүлкү деңиз — жебеген доңуз» принциби жакшы иштейт. Өзгөчө коррупционерлер үчүн. Май кармаган арам бармагын жаламай илдети күч булардачы. Эсеби маселен, жөнөкөй эле жол чырактарды 800 миң 1 млн сомго коюп жатышат. Россияда карапайым эл соцсеттерде «Эмнеге кабель, темир тирөөчтөрү, жолчырак, монтаж иштери биригип 128 мин, 120 000 рублга бүткөн жолчырактарды силер 800 000 рубль деп жатасыңар оо акмак, жегич чиновниктер» бакырып жатышат. Алардын чиновниктери ыймандуурак кичине жооп беримиш этишет. А биздикичи?
Бетин жолдогу бетон бордюрдай кылып туруп беришет. Болбосо бизде деле максимум 200 000 сомго сатылып алынып, орнотулчу жолчырактарды 1 млн сом деп 5 (!) кымбат көрсөтүп жатышпайбы! Анткенимдин жөнү бар азыр жолчырак сата турган заводдордун сайтына кириңиз, заманбап светофор, маселен орустардыкы 50 000 рублга чейин турат, береги темир тирөөчтөрү деле 50 000 рублга жетпейт. Кабель, монтажы менен дагы 100000 рубль кеткен күнү деле бир көчөнүн кесилишине коюлчу жолчыракка 300000 рубль же 300000 сом кетип атпайбы.
Береги фото жана видоефиксация кылычуу камералар, аларга коюлчу датчик, кабелдер үчүн деле Бишкек шаары үчүн 17 млн доллар көп акча. Бизде 210 жетпеген жолчырак бар. Эгерде 17 млн долларды ар бир жол чыракка бөлө келгенде 80 миң (!) доллардан тиет экен. Элестеткиле! Аа баса, жолдорго коюла турган видеокамералар Молдавиядан алып келебиз деп атышкан. Кыязы, акылдуу эсептегичтерди саткан компаниядан алып келишмек го. Ал молдавиялык компания түрктөрдүн электро товарларды саткан компаниясынын дистрибьютору экен. Иши кылса элдин акчасын жемей да. Кийин эч пара албаган бирөөлөр келип баарын казышарын, кустуруп каматары менен иштери жок

Автор: Семетей Талас уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here