19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ММКдын ишмердүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлүп, анда “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн жакшылап текшерүү керектигин айтып, журналисттерди коррупционер атады. Ал минтип айтты:  “Азыр айрым ММКнын тираждарын карасаңыздар 5 миңге жетпейт. Бирок алар жип минип, чоң үйдө жашап жыргап жүрөт. Ошондуктан урматтуу кесиптештер, сунуш айтып кетет элем. ММКнын ишмердүүлүгү менен алек болсок. Ушул жол менен бизнес кылгандарга тыюу салсак. Киреше менен чыгашасын ачык айтып отчёт берсин. Анткени алар каракчыга айланды, урматтуу кесиптештер. Бир күнү келет 100 доллар сурап, бересиң. Экинчи күнү 500 доллар сурайт. Бербей койсоң эле бүттү. 500 долларды берсең, үчүнчү күнү 5000 доллар сурайт. Анан айлаңды кетирип жатышпайбы. 26 жылдан бери ММК менен соттошо элекмин. Бирок урматтуу президенттин жолун жолдоп, азыркы учурда эки гезиттин үстүнөн арызданууга даярданып жатам” – деди эл өкүлү. Жапаровдун мындай пикирине нааразы болгон журналисттер биздин гезитке ойлорун бөлүшүштү…

 Аскер Сакыбаева, журналист:

-Акылбек Жапаров бир нече жолу депутат, министр болгон адам. Экономика илиминин доктору, бизнесмен. Ушунча жылдан бери саясатта жүрүп журналисттер менен мамиле күткөндү билбесе, алардын шантажына кабылып акча төлөп жүрүп жадаганда эми ачыкка чыгып жатса, анда маселе анын өзүндө. Журналисттер кирешесин ачыкка чыгарсын дегенге мен каршы эмесмин. Бирок миң тираж гезит чыгарып особнякта жашап, “жип” тээп жүрүшөт, салык төлөбөйт дегенине макул эмесмин. Акылбек мырза депутат, билбесе айтып коелу. Ар бир расмий чыгып жаткан гезит Минюсттан каттоодон өтүп, салык төлөп ишмердигин алып барат. Дагы айтаарым, «а» деген соң «б» дегенди да айтып, кайсы журналисттер “жип” тээп, шантаж кылып, особняктарда жашап жатканын ачык айтып койсо жакшы болмок. Болбосо, «Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдуку зыркырайт» дегендей болуп жатат. Парламент трибунасынан сүйлөгөн адам мындай нерселерди айтканда фактыларды келтирип айтса жакшы болмок. Антпесе ал дагы ушак айтканга тете болуп жатпайбы. Негизи Акылбек Жапаров деле убагында бардык журналисттерди колго алуу үчүн бир топ иштерди жасаган… Анысын биз деле билебиз.

 Төлөгөн Сулайманов, журналист:

-Акылбек Үсөнбекович менен бир өрөөндөн болобуз. Тааныштыгыбыз бар. Журналисттерди чогултуп, бир-эки курдай өзү демилгелеп чай берген. Ал учур баягы Таласка барып таяк жеп келгенден кийин. Бирок чынын айтыш керек, Акылбек Жапаров мыкты экономист. Мыктылыгын ушундан билиңиз, журналисттерге 100, 500, 5000 доллар бермек түгүл, үйүнөн чычканга кебек алдырбаса керек. Албетте Жапаровдун билдирүүсү журналисттер үчүн оор айып. Ырас, ошончолук батыл айтып, журналисттердин киреше-чыгашасына кызыкса, конкреттүү далилдерди келтириши керек. Болбосо журналисттердин атынан Журналисттер Союзу, журналисттер бирикмеси сотко кайрылуу укугуна ээ. Маселенин дагы бир жагдайын айталы. Эгер Акылбек Үсөнбековичтин иши ачык-айкын, коррупциялык элементтерге илме-чалмасы жок болсо, анда неге журналисттерге өзү айтмакчы 100 доллар берет. Келгиле анда Жапаровдун жеке ишмердүүлүгүнө баам салып көрөбүз. «Мистер 10%», «Дамас», «Роушен» контрабандасы, курулуш компаниялары, Канттагы МИСИ, малдарды паспорттоштуруудагы көмүскө оюндар, анан-анан Мамлекеттик Өнүктүрүү фондуна өзүнө тиешелүү МИСИнин 26 млн. сом карызын узартуу боюнча аракеттери эмнени каңкуулайт. Неге Кочкор районунун тургундары бул байкебизге нааразы. Айтор, айта берсе сөз көп.

Канышай Мамыркулова, «Сентябрь» каналынын башкы редактору:
Акылбек Жапаров кайсы журналист пара талап кылып опузалаганын ачык айтсын. Фактысы болбогондон кийин ЖМК өкүлдөрүнүн баарын жаманатты кылбасын. Кыргыз журналисттери тууралуу бир беткей каралаганга ага эч ким укук берген жок.

Эл өкүлү «эл айтат» деген ыкма менен пикирин таңуулаган болбойт. «Улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин», ага чейинки Акаевдин тушунан бери саясатта жүргөн Жапаров билбеген балээ жок. Ушуну билбейби? Бул фактысы жок каралоо болуп саналат. Эгер берип жүргөн болсо, ага дагы чара көрүлүшү керек, аны ким пара берип жүр дептир?

 Наргиза Мансурова, журналист:

 Акылбек Жапаров ошол “жип” айдаган, кабат-кабат үй салган, миңдеген доллар коркутуп доолаган журналисттердин атын ачык атаса болмок, антпесе бардык журналисттер журтчулугуна көө жапканы туура эмес. Же ачык айтсын, же ошол журналисттерди сотко берсин. Менин билишимче андайлар арабызда бар, жок эмес. Бирок беш кол тең эмес дегендей, алар ашып кетсе эки-үчөө чыгар. Калган журналисттер болсо жөө-жалаңдап, жаныбызды эптеп багып эле жүрөбүз. Эми журналисттерге тийишпеген ошол Жапаров эле калды эле. Ансыз деле миллиондогон доого жыгылып алапайын таппай жаткан кыргыз журналистикасын элден калбай тепкилеп калыш керек беле? Эгерде Акылбек Жапаровго ушунчалык кызык болуп жатса, анда ошол журналисттердин үйлөрүн түрө кыдырып, жашоо шарттарын көрүп чыксын. Чирип байыган бир журналистти таппайт, айтып коеюн. Анткени саясатчыларга караганда, журналисттерде абийир-уят деген сакталган.

 Айбек Шамшыкеев, журналист:

“Бир Болдун” элге эң жек көрүндү депутаттарынын бири, 25 жылдан бери элдин ырыскысына кол салып чириген байга айланган, акылы айды чапчыган Акылбек Жапаров: “журналисттердин кирешесин текшерели, алар рекет болуп бүтүштү, “ЖИП” минип, хан сарайда жашашат” деген кыязда “балп” этти. Мейли, колдорунан келсе бардык журналисттердин байлыгын текшерсин, бирок журналисттин баары мамлекеттик ЖМКларда иштебейт да. Байлык топтосо, үй салса, машине минсе да аткаминерлерге окшоп мамлекеттин байлыгын уурдашпай, өз эмгектери менен жетип жатат. “Кой аксагы менен миң” дегендей, туура, жалпы журналисттердин атын булгап келаткан 5-6 шылуундар да бар. Мисалы, эл айткандай: Жапаров, Пирматов, Түлеев, ж.б. коорупционер дегендей кылып. Жапаров ушинтип санап берсе болмок, баланча журналист менден 100 доллар же 1000 доллар алды деп. Кыргызда бекеринен: «Ала кушту атынан айт» деп айтпайт да. Дагы айтаарым, Жапаровдон ким, кайсы журналисттер кантип акча өндүргөн болсо, ошол окуясын эркекче эле ачыктап, жалпы коомчулукка жар салып койсо болмок. Акылбек мырзадан акчаны жөн жерден алган жокпуз, себептери момундай, момундай болгон деп… Жапаров да эркек болсо, өзүнөн ким акча өндүрсө ошону ачык айтсын, жалпы журналисттерден кечирим сурасын. Анте албайбы, Зарылбек Рысалиев айткандай шымын чечип, аялдын юбкасын кийип алсын… Ал эми Жапаров өзүнүн кирешеси тууралуу ооз ачкысы жок. Өзүнүкүн жакшылап текшерүү зарыл. Бул чириген бай чиновникти мамлекеттин казынасына кол салган жок, уурдаган жок деп кантип айтасың? Уурдаганын Эштекбайдын энөө баласы деле айтып жүрөт го. Укук коргоо органдары эмнеге анын былыктарын тыкыр текшербейт. Же алардын ооздорун “майлап” койгонбу? Чынында Жапаровдун орду Жогорку Кеңеште эмес болчу, анын орду “башка” жакта. Бизде аткаминерлердин арасындагы алдым-жуттумдар абдан көп. Тазалары өтө эле аз. Алардын ана башында ушу Акылбек Жапаров турат деп айтсак ашыкча болбос…

  Назгүл Мамытова, “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору:

Акылбек Жапаровдун журналисттер тууралуу көтөргөн маселеси негизинен туура. Тиражы миңге жетпеген же таптакыр эле чыкпай калган гезиттерин шылтоолоп акча жасаган кесиптештер жок эмес арабызда. Жапаров мырза ошолорду ачык айтышы керек болчу, жалпы журналисттерге көө жаппай. Анан жанагы декларация тапшырсын дегени аша чапкандык. Ар бир журналист мамлекетке айлыгынын эсебинен салык төлөйт. Жапаров ошол биз төлөгөн салыктын эсебинен айлык алып жатат эгер билсе. Жүз доллар берем, анан беш жүз доллар берем дейт. Демек ошол журналисттен коркконунан, “косягы” барынан улам акча берип жаагын жаап жатат да. Күнөө өзүндө болуп жатпайбы. Негизинен Жапаров кайсыл журналисттерди айтып жатканын биз түшүндүк. Бирок Акылбек мырза жалпылабай, ошолордун аттарын ачык айтышы керек. Ошондо рэкет журналисттер тыйылат. Минтип жымсалдап айткандары суу кечпейт.

Дилбар Алимова, «ПолитКлиника» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору:

-Акылбек Жапаровдун айтканы боюнча ар кандай ой жүгүртсө болот. Бир жагынан алып караганда, айтканында чындык бар. Тилекке каршы, ошентип акча доолап жүрүп журналистиканын кадырын кетирген кесиптештерибиз бар. Экинчи жагынан алганда, акча берип жаткан болсо Жапаров өзү дагы күнөөлүү да. Эң негизгиси «Ала кушту атынан айт» дегендей, Жапаров ким ошентип акча доолап, “жип” минип жүргөнүн ачык айтышы керек эле. Болбосо бардык журналист журтчулугунун кадырына шек келтирип жатат. Бизде мисалы, жашыра турган эч нерсе жок. Кирешесин ачыктап берсин деп жатпайбы депутат, биз ачыктай алабыз.

Булак: Булак. Даярдаган, Мирлан АЛЫМБАЕВ.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here