“Жеңден кончко куюлган, алкынды самындай колго токтобой жылмышкан” Акылбек Жапаров өзү ак каргадан бетер журналисттердин аброюна, кадырына көлөкө түшүргөн көз карашын Жогорку Кеңештин ыйык трибунасынан жар салды. Ал өз сөзүндө журналисттер “100 доллар алышат, анан 500 доллар сурашат, анан 5 миң доллар талап кылышат, мингендери “жип” машина деп  күпүлдөп, буларды ооздукташ керек дегенди кыйытты. Ырас, балким сөзүнүн чындыгы бардыр. Бирок сөздү оозум бар деп эле айта бербестен факты, далил менен сүйлөш керек эле. Кимге 100 доллар, 500 доллар, 5 миң доллар бергенин, кимге “жип” машина мингизгенинин аты-жөнүн ачык айтса жарашмак. Өткөндө Жанар Акаев туура белгилептир, “депутаттар өзүбүз ушакчыбыз” дегенди. Жапаров кимге акча бергенин ачык айта албагандан кийин, бүтүндөй журналисттердин беделин түшүрүп, көө жаппаш керек болчу. Сыягы бул “кошоматчы” өзүн сүттөй ак элестетип алган го. Журналисттер журтчулугу эми бул “мистер 10 пайыздын”  былыктарын ашкерелеп, “ичегисин” чубайт го…

Булак : Фабула

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here