Мындай маалыматты бүгүн “Спутник” жазып чыкты. Аталган маалымат булагына  Борбор калаадагы №56 орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесин өткөрүүдөн баш тартып жатышканын билдиришкен. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өз каалоосу менен коштошуу кечесин өткөрбөй эле коюуну чечишкен. Айганыш аттуу окуучу кыз: «Биздин мектепте бүтүрүүчү эки класс бар. Жалпы 60тай окуучу мектепти аяктап жатабыз. Бүтүрүү кечесине аз калганда классташтар чогулуп өз каалообуз менен кечени өткөрбөй эле коюуну чечтик. Бул кечеге биринчиден, көп акча сарпталып, ата-энелерибизге эле күч келип калат экен. Андан көрө бул каражатты жогорку окуу жайдын контракт акчасына же дагы башка пайдалуу нерсебизге жумшайлы деген ниеттебиз. Башында 10-15тей окуучу кечени өткөрөлү деп жатышкан, бирок алар да көпчүлүккө баш ийишти. Бул күнү кымбат баалуу көйнөктөрдү кийбей, чачты түрлөп жасабай, модалуу унааларды ижарага албай эле жөн гана символикалуу түрдө чогулуп өткөрүп коёбуз «, — деп айтып берген.

Чынында жакшы саамалык экен. Мындай саамалык бүт республика боюнча жайылса экен. себеби, акыркы жылдары Кыргызстанда акыркы коңгуроо деген маселе өзүнчө эле бир укмуш нерсеге айланып,  чыгым, ысырапкорчулук көп болуп, анын айынан ар кандай жагымсыз нерселер, кырсыктар да орун алып, бүтүрүүчүлөр чектен чыгып, өзгөчө борбор шаарларда элдин кыжырын келтирип калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here