“Ата-Журт – Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы болуп турганда түрктөрдөн аргымак белекке алып, аны “Ата Мекен” фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев пара катары сыпаттап, кызматынан алып түшкөн окуя элдин эсинен кете элек. Ошол чуу Бабановдун оффшордук аймакта катылган 20 миллион доллары ачыкка чыгып, жумурай журтка дайын болгон. Ошондо Бабанов кебелбей туруп “Ал апамдын акчасы” – деген. Албетте, бул жомокко эч ким ишенген эмес дечи.

Эми ушул Бабанов каражаттан тукулжурап, жүз пайыз аялы ээлик кылган “Азия мол” деп курулуп жаткан соода борборуна, Кыргызстандын өндүрүшүн, айыл чарбасын өнүктүрүүгө делип түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар насыя алганын жаздык эле. Арийне каражатты 6 пайыз менен алды. Ал эми өзүнүн АКБ “Кыргызстан” банкынан болсо 26 пайыздан кылып насыя берип жатат. Айткандай фонд жалпы 39 миллион доллар насыя берген болсо, анын жарымынан көбүн соода-сатык борбор курганга деп Бабанов алып алыптыр. Ушул кантип акыйкаттык болсун. Өндүрүшкө же айыл чарбасын өнүктүрүүгө деп алса дагы бир жөн. Сыягы, “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду” байларга, чиновниктерге көп суммада каражат берип, ал үчүн “10 пайыздык шапке” сурайт деген эл арасында айтылып жаткан имиштердин чындыгы бар окшойт.

Өкүнүчтүүсү, жеке каражатына Россиянын Пенза облусуна 380 миллион долларга цемент заводун салган Бабанов, акча таппай карайлап насыя алганга аргасыз болгону зээнди кейитет экен. Каатчылыкты башынан кечирип, жакырланып кеткен окшобойбу?  Же президент Алмазбек Атамбаев деле байлыгын ачыктады, менин деле жашыра турган эч нерсем жок деп, “жайын айтам деп баарын айтыптыр” болуп, болгон сырын ачып алдыбы?

Бирок кандай болгон күндө да  ушундай жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлогон сук, ач көз адам президент болсо, өлкөнү дүңүнөн соодалап жибербейт дегенге кепилдик жок.

Эл деген киши эч качан минтип эл ырыскысына кол салбайт. Колунда жок болсо да кантсин бечара дейт элек.  Байлыгы 1 жарым миллиард доллар делген адамдын көзү тойбой, мамлекетти өнүктүрүү үчүн делип жакшы ниет менен түзүлгөн фонддун каражатына көз артып, кемирип, мүлжүгөнү моралдык да, укуктук жактан алганда да акылга сыйбайт.

Арийне, коомчулук арасында мамлекеттеги саясий-социалдык кырдаалды 25 жылдан бери курчутуп, саясий интригалардын устаты катары Өмүрбек Текебаев сүрөттөлүп келет. Муну бардык саясатчылар, саясий элита көпчүлүктө да, көмүскөдө да айтышат. Ал эми Кыргызстанды дүңүнөн сатуучу саясатчы, кубулма жүздүү ишкер, кайсы бийлик болбосун баары менен тил табышып, кокусунан тиги дүйнөдөн Усама Бен Ладен келсе аны менен достошуп кетүүгө уста киши катары Өмүрбек Бабановду айтышат.

Бабанов эч качан өзүнүн бар мүлкүн ачыкка чыгарган эмес. Чыгарбайт дагы. Демек тапкан байлыгы шектүү. Атамбаев эгер чындап тарыхта таза президент, тазалоочу жол башчы катары калгысы келсе, эки Өмүрбектин ордун көргөзүп бериши керек. Болбосо эртең Атамбаевдин өзүнүн келечеги бүдөмүккө  айланат.  Бабановдон баарын күтсө болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here